Европа Биримдиги жер титирөөдөн жабыркаган Чоң-Алай элине жардам берет

Европа комиссиясы быйыл майдын башында болгон эки күчтүү жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берет. Бул максатта Европа Биримдиги 165 миң евро бөлөт, бул сом менен алганда 12 миллион акчаны түзөт. Бул каражаттар Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн бир кыйла катуу жабыр тарткан 2750 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүүгө жумшалат. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча бөлүнгөн каражат Улуттук кызыл ай коомуна которулуп берилет. Аталган уюм аркылуу жер титирөөдөн жабыркаган калкка эң зарыл керектүү жылуу жамынчы, ашкана буюмдары жана жеке гигиена каражаттары алынып берилет. Андан тышкары, жабыркаган үй-бүлөлөргө өтө курч көйгөйлөрүн чечүүгө колдоо көрсөтүлөт.

Кошумчалай кетсек, бул каржылык колдоо Европа Биримдигинин «Табигый кырсыктар үчүн өзгөчө кырдаалдар фондунан» бөлүндү.