Каримова Оштогу музыкалык мектептин директору болуп дайындалды

Ырчы, актриса Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык мектептин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, министр Азамат Жаманкулов алты айлык сыноо мөөнөтү менен ырчыны музыкалык мектепке жетекчи кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алган.

Самара Каримова Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген артисти» наамын алган.

Эске сала кетсек, былтыр министрлик 28-июлда 27 жаштагы Каримованы Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин башкы директору болуп дайындаган. Мындай чечимге коомчулукта нааразычылыктар пайда болуп, мындан улам ырчы аталган кызматтан баш тарткан.