Мегакомго жетекчи болуп кеткен Жамнгуловдун ордуна жаӊы депутат парламентте ант берди

Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Тотонов Нурбек ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында «Альфа Телеком»  компаниясынын башкы директорлугуна дайындалган Акылбек Жамангуловдун ордуна келди.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.