Иштебеген ibilim.kg сайты, изи табылбаган 190 миң доллар…

12-мартта Билим берүү жана илим министрлиги ibilim.kg сайтынын тушоо кесерин жасаган. Тушоосу чала кесилип калганбы, 190 миң доллар коротулган сайт алигиче иштей элек. Аталган министрлик мультимедиалык ресурстар-да техникалык кыйынчылыктар жаралып, бир жума аралыгында маселе чечилет деп убада кылууда. Бирок, андай убада мурда да айтылып, министрлик аталган сайт сентябрдан тарта иштейт деп убада кылганы эсибизде.

Белгилеп кетчү нерсе, сайттын үстүнөн 30 киши иштеп, Бүткүл дүйнөлүк банктын 190 миң доллары корогон.