Чет өлкө десе көздөрү чекчейе түшкөн чиновниктер

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстанда мамлекеттик кызматты жеке максаттарына пайдалануу «оорусу» өтүшүп кеткенин жакында эле болуп өткөн окуялар айгинелеп койду. Башкача айтканда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин министри баш, орун басарлары төш болуп, ар кандай шылтоолор менен чет өлкөлөргө ченебей чыгышкандары билинип калып, биринин артынан бири кызматтарынан кол жуушту.

Булардын жанында жомоктогу “саякатчы бака” чендебей деле калды окшойт. Бирок мындай көрүнүштөрүн аягы дагы эле уланып жатса керек, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга байланыштуу катуу айтты жана эскертти.

“Бизде өкмөттүн кээ бир өкүлдөрү 20 күндөп командировкалап жүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Бул эмне деген командировка? Силер эмне окууга кеткен студенттер белеңер”, — деди ал өкмөттүн кезектеги жыйынында.

Коомчулук бул маселеге буга чейин анчалык маани берчү эмес. Биз карапайым адамдар сыртка чыккан кызмат адамдары Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир иш бүткөрүп келип жатышат деп  жүрбөйбүзбү?! Көпчүлүк учурда андай эмес экен. Чакыруу  тарабынын эсебинен болсо да жакшы, мейли министр башы менен эл-жер көрүп, бирдеме үйрөнүп келди дейли. (Кайран чиновниктер 400дөн ашуун эл аралык ар кандай чакырыктарга барып келе калышыптыр). Бирок, Өкмөт башчы айрымдары бюджеттин эсебинен “кайдасың чет өлкө” деп чапкылап жөнөшкөнүн айтып, күйүп жатпайбы!

“Биз азыр бардык министрликтердеги жана ведомстволордогу чет өлкөлөргө чыгууларды иликтеп жатабыз.  Мындай  иш  сапарлар кандайдыр бир жыйынтык  алып  келе  турган  болсо  гана баруу керек”, — деди М.Абылгазиев.

Белгилей кетүүчү нерсе министрликтердин арасында Тышкы иштер министрлигинин  иши  түздөн  түз сыртка чыгуу менен байланышкан. Ансыз иш бүтпөйт. Ошон үчүн Тышкы иштер министрлиги деп аталат.

“Мен, тышкы иштер жана экономика министрликтери сыртка көп чыга турганын түшүнөм. Бирок алар Кыргызстандын кызыкчылыгын алдыга жылдырып жатпайбы. А калгандарыңарчы? Кээ бирөөлөр чет өлкөлөргө ат тезегин кургатпай чыгышат. Атүгүл бизге да айтып коюшпайт. Мындан ары мындай болбошу керек!”,– деди Өкмөт башчы. Буга караганда мындан ары министрлер жана алардын орун басарлары оюна келген күнү чет өлкөгө чаап кетмей адатынан арылбаса, кызматтарынан кол жууп калуулары толук ыктымал!

Кошумчалай кетсек Жогорку Кеңештин депутаттары да чет өлкө дегенде ченебей сүйүнүп кетишет го чиркин. Буларың быйылкысын айтпайлы, 2017-жылы 54 жолу чет өлкөлөрдө болуп келишиптир. Барганда да Африканы аралай чаап (Кейптаун), Филиппинди да кыйгап өтүшпөптүр. Макул барышсын, бирок эмне иш бүтүрүп келишкенин өздөрү эле билбесе, бизге табышмак бойдон калып жатпайбы?! Ырас, көз карандысыз мамлекет катары министрлер, алардын орун басарлары, Жогорку Кеңештин депутаттары чет өлкөлөргө чыгып турбаса болбойт. Бирок, бюджеттинби, чакырган тараптын эсебиненби, атайы ат арытып баргандан кийин, кандайдыр бир иш бүтүрүп келишкендей болсун да! Антпесе, убакыт деген тартыш. Өз мамлекетибизде мамлекеттик кызмат адамдары жасай турган иштер толтура, моюндарында тоодой жүк турат.

Кеп кезеги келгенде айта кетсек, жаңы дайындалган тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өткөн жумада Москвага иш сапары менен барганын Россиянын алдыңкы басма сөз каражаттары кеңири талкууга алышты. “Коммерсант” басылмасына  берген  интервьюсунда  министр Ч.Айдарбеков Россиянын тышкы иштер министри С.Лавров менен жолугушуусунун натыйжасында жетишилген “биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү” бүтүндөй аймактын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун билдирди.

Министрдин сөзүнө караганда Кыргызстанда кыргыз-орус соода-логистикалык борбору ачылмай болуптур. “Бүгүнкү күнгө чейин фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, сертификациялоо маселелери акыр аягына чейин так чечилген эмес. Кыргызстан бул маселелер толук чечилет деген үмүттө турат”, – деп билдирген ал аталган басылмага.

“Биз Сергей Лавров менен Кыргызстанда биргелешкен соода-логистикалык борборун түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөштүк. Россиянын бул жаатта чоң тажрыйбасы бар. Бул биздин сапаттуу продукцияларыбызды россиялыктардын түз алуусуна жол ачат. Соода –логистикалык борбору – товарды өнөктөш мамлекеттердин рыногуна тоскоолдуксуз чыгаруу үчүн, адегенде продукцияларды бир жерге чогултуп, стандартизациядан өткөрүп, ЕАЭБдин талаптарына ылайык тандай турган өзүнчө бир хаб сыяктуу болот. Логистикалык борбор товарларды тандап, даярдап алгандан кийин кайда жибере турганын аныктайт”,– дейт Ч.Айдарбеков.

Министрдин Россияга болгон иш сапарында жетишилген биргелешкен логистикалык борбор ачуу зарылдыгы эбактан бери бышып же-тилген, күндөлүк турмуштун өзү талап кылган маселе. Анткени, биздин дыйкан-фермерлерибиз дал ушул сертификация жагынан аксап, алардын канчалаган өндүргөн продукциясы Россиянын чегинен  өтпөй  артка  кайтарылып  жатканына баарыбыз күбөбүз. Министр Ч.Айдарбековдун ишти дал ушундай талылуу маселени чечүү аракети менен башташы көптөн үмтөттүрүп турат. Айталы дегенибиз, чиновниктер сыртка чыкса ушундай көйгөйлүү маселелердин башын ачып келсе бир жөн. Ал эми мурдагыдай чакырды эле деп чапкылап кетүү “оорусу” барлар, эми ал оорусунан  айыкпаса  болбойт.  Анткени,  мезгил, талап башка!