Премьер-министр Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: «Бюджетти үнөмдөө үчүн оптимизациялоо жүргүзүү керек»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Тогуз айдын жыйынтыгы 2018-жылдын тогуз айынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча ИДПнын көлөмү 368,3 млрд. сомду түздү. Өткөн жылдагыга салыштырмалуу бир катар тар-мактарда өсүштөр байкалууда. Жыл башы-нан бери өлкөдө 121 жаңы ишкана ачылган. Бул былтыркыга караганда абдан жогору көрсөткүч. Тогуз айдын жыйынтыгы менен ЕАЭБ рыногуна экспорт 5,2 пайызга көбөйүп, импорт 6,2 пайызга азайган.

Бажы, салык тармактарында фискалдаш-тыруу, администрлөө боюнча оң жылыштар бар. Андан тышкары, жыл аягына чейин 2,5 млрд. сомдук салыктык эмес кирешелердин түшүүсү болжолдонуп жатат. Бажы, салык кызматтарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, анын ичинде Бишкек мэриясына бюджетти толтуруу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Өкмөт башчысы М.Абылгазиевдин билдиргенине караганда былтыркы жылы Бажы кызматы 34,2 млрд. сом чогулткан болсо, үстүбүздөгү жылда 43,5 млрд. сом чогултуусу боюнча тапшырма алган. Салык кызматы 2017-жылы 73 млрд. сом чогулткан, быйылкыга 82 млрд. сом чогултуу милдеттемеси тагылган. Акча каражатын жыйноо оңой жумуш эмес. Ошону менен бирге бардык мамлекеттик органдарга өз чыгымдарын азайтуу жана бюджетин үнөм дүү пай-даланууну кайра карап чыгуу милдети тагылууда. «Биз жалпысынан 4 млрд. сомго чейин чыгымдарды оптималдаштырабыз деп убада бергенбиз. Азыркы учурда 3,7 млрд. сом оптималдаштырылып калды. Жылдын аягына чейин мунун жетишпеген бөлүгүн толтуруп, айткан убаданы аткарышыбыз зарыл. Ошондуктан ар бир министр лик өз чыгымын азайта алса ал да бюджетке кошкон салымы болот” , — деди Өкмөт башчы М.Абылгазиев.

Касымалиевге сөгүш, Байгончоковго катуу сөгүш берилди

Өкмөт жыйынында финансы министри А.Касымалиев “КР 2018-жылга карата республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдардын бюджетине болжолдоолор тууралуу” КР мыйзам долбоору жөнүндө”, Эсептөө палатасынын аудитинин отчетунда көрсөтүлгөн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын-дагы кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча баяндама жасады. Министр ал жерден төмөндөгүдөй даттануусун айтып алды. “Жогорку Кеңештин комитеттеринде 2019-жылдын бюджетин талкуулап бүтүп калдык. Министрлер, ведомстволордун жана административдик аймактардын жетекчилери бюджетти ушул жерде баары жактырып кабыл алышат. Бирок, парламент депутаттарына: “Финансы министрлиги бизге каралган акчаны бөлбөй жатат”, — деген каттарды жазып жатышат. Мындан улам мага бюджетти коргоодо абдан оорчулук келүүдө», — деди ал. Премьер-министр М.Абылгазиев жетекчилерди өздөрү ишти жөндөй албай жатып, парламентке кат жазуусу туура эместигин белгиледи.

М.Абылгазиев мамлекеттик органдардын бюджетти аткаруусу тууралуу отчеттору Өкмөткө түшпөй жаткандыгын белгиледи. Бу-га тиешелүү жетекчилердин баары 1-ноябрга чейин отчетторун берүүлөрү керек. Ошого карап алардын ишине баа берилет. Өкмөт башчысы Финансы министрлигиндеги оркойгон кемчиликти баса белгиледи. Жыйында белгилүү болгондой, 637 млн. сомдук каражат бюджеттен алынып, тиешелүү иштерге сарпталган. Бирок, баланска алынбай калган. “Эң өкүнүчтүүсү бюджетти башкарып жаткан Финансы министрлиги чоң шалаакылык кетирип жатат. 637 млн. сомдун эсеби жок деген бул уят иш. Дагы жакшы, муну кызыккан тараптар өздөрү таап чыкты”, — деди Премьер-министр. Ушундан улам, иштеги кемчилиги үчүн финансы министри Адылбек Касымалиев сөгүш алды. Ал эми дал ушул маселе боюнча жооптуу болгон министрдин орун басары Мирлан Байгончоковго катуу сөгүш берилди. Андан тышкары, шалаакы-лыгы үчүн аталган министрликтин жооптуу кызматкерлерине бир аптанын ичинде чаралар көрүлүп, Өкмөттүн аппаратына ал боюнча кайрадан маалымат берилмей болду. Абылгазиев бардык мамлекеттик органдарга бюджет маселесин эң башкы орунга коюу керектигин талап кылды. Ал буга чейин Салык кызматы менен Бажы кызматынын жетекчилерин бюджетти аткарбаганы үчүн кызматтан кетирүүгө туура келгендигин айтты. Андан тышкары, мамлекеттин ички жана тышкы карыздарын төлөө боюнча атайын программа керектигин белгиледи.

Айыл чарба министрлигинин иши алсыз

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өз баянында быйылкы жылдын түшүмдүүлүгү жакшы болгонун айтты. Ошого карабай, ал өзүнө карата жаадырылган сын-пикирлерге туш болду. Премьер-министр М.Абылгазиев министрликтеги бир катар мезгилден бери келе жаткан орчундуу кемчиликтерин белгиледи. Айрыкча, түшүмдү сатуу жана сактоо сая саты иштелип чыкпагандыктан, ал өзү ме-нен кошо чоң көйгөйлөрдү ээрчитип келүүдө. Быйыл өлкөдө картошканын түшүмү 1,3 млн. тоннага жетти. Ички рынокто картошканы пайдалануу 900 миң тонна жетиштүү, калганын сыртка сатуу же кайра иштетүү керек болчу. Эң орчундуу болгон ушул маселе чечилбей келе жатат.

Адатта өсүмдүк майынын 82, жумуртканын 55, шекердин 38 пайызы сырттан ташылат. Тилекке жараша, Өкмөт кант кызылчасын өндүрүүгө абдан көп аракеттерди көрүүнүн натыйжасында, быйыл алгачкы жолу бул боюнча ички керектөөнү дээрлик жабууга жетишилип жатат. “Мен эттин 11 пайызы эле сырттан келип жатат деген маалыматка ишен-бейм. Кафе-ресторандар чет мамлекеттерден ташылган арзан эттерди колдонушууда. Ал түгүл алыскы Бразилиядан бери эттер келип жатат. Биз өзүбүздү өзүбүз алдабашыбыз ке-рек. Чет өлкөлөрдү карасак, сатыкта бир эле азыктын төрт-беш түрү турат. Анын ичинен экологиялык тазасы, ГМОсу бар арзаны болуп, бир нече түрү тегиз дүкөнгө коюлат. Кардар капчыгына жараша каалаганын алат. Биз да ушул сыяктуу шартты түзүшүбүз керек.

Албетте, дыйкандарга кайсы өсүмдүктү өстүрүшү  боюнча  милдет  тага  албайбыз. Ошондой болсо да аларга өсүмдүктөрдүн кирешелүү, пайдалуу түрлөрүн сунуштоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Аталган министрлик ушул ишти алып бара албай жатат. Өкмөт айыл чарба азыктарын экспорттоо багыттында лабораторияларды куруп, кай-ра иштетүү ишканаларына жеңилдиктерди берүүдө. Бирок, экспорт эмес шаарлардын соода борборлору менен базарларга айыл чарба азыктарын чыгарууну ирээттүү уюштура албай жатасыздар. Сапаттуу азык-түлүк өстүрүп, аны соодалоону уюштура алсак, элибиз атамекендик фермерлерди колдоо иретинде өзүбүздүн өндүрүштүкүн сатып алышарына ишенем. Министрлик ушул саясатты жүргүзө албай, статистиканы шыдыра-тып айткандан башка менен иши жок”, — деп сындады Өкмөт башчы.

Үстүбүздөгү жылы Казакстанда 4 млн. тонна картошка өндүрүлгөн. Ушуга байланыштуу кыргыз фермерлеринин картошкалары сырткы рынокко өтпөй, баасы чыкпай калды. Министрликтин сатып өткөрүү жа-на кайра иштетүү саясатынын чабалдыгынан быйыл эки өсүмдүктү – төө буурчак менен картошканы сата албай айласы кеткени катуу сынга кабылды. Аталган министрлик-тин бөлүмдөрү, департаменттери менен тармактык институттары кырдаалды алдын ала иликтөөгө алып, талдоо жасашкан эмес. Бир нече жылдан бери мамлекет агрардык тармакка жеңилдетилген кредиттерди берип келүүдө. Айыл чарба техникаларына карата лизинг системасы түзүлүп калды. Чет элдик донорлордон гранттар келип жатат. Чарба жүргүзүүнүн жаңы технологиялары сунушталууда. Лабораториялар, фитосанитардык пункттар үчүн миллиондогон ири каражаттар бөлүнүүдө. Ушунун баарына карабай, министрлик фермерлер өздөрү өндүргөн азыктарды статистикага келтиргенден ары ашкан жок. Андан тышкары, жергиликтүү органдар менен биргеликте сапаттуу үрөндөрдү кол-донуунун, асыл тукум малды багуунун жаңы стратегиялык документин кабыл алуусу керек эле. Ушул көйгөйлөр чечилбесе Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган аймак-тарды өнүктүрүү маселеси ордунан жылбайт. Айылдарда жашаган элибиз кайсы өсүмдүктү өстүрөрдү билбесе иш ордунан козголбойт.

Жогорудагыдай сындарды айткан Премьер-ми нистр мамлекет аймактарга мектептерди, ооруканаларды куруп, таза сууну камсыздап жатканы менен жер-жерлерде өндүрүштү көтөрүү жолго коюла электигин айтып өттү. Өкмөт Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигине караштуу өнүмсүз иштеген түзүмдөрдү оптималдаштырууну сунуштаган. Бирок, министрлик Өкмөттүн ушул сунушун да аткарууну ойлогон жок.

Аталган министрликте жашыл экономика саясатын жүргүзүүсү абдан начар. Органикалык таза азыктарды өндүрүү үчүн адегенде фермерлерди ага даярдоо, ал тууралуу кенен маалымат жеткирүү керек болчу. Өкмөт башчы ушундан улам министр Нурбек Мурашевге: «Эки айда алты Өкмөт мүчөсү алмашканын көрүп жатасыз. Ошондуктан министрликтин ишин тезинен оңдоңуз», — деп эскертти.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дагы Нурбек Мурашевдин докладын сынга алды. “Чынында айыл чарба тармагы быйыл жакшы көрсөткүчкө чыкты. Сиз өз баяндамаңызда бул ийгиликтерде министрлик менен жергиликтүү бийликтердин салымы болду деп жатасыз. Эгерде чынында сиздердин салымыңыздар таасир эткенде агрардык тармак мындан да жакшы көрсөткүчкө жетмек. Мен бир эле мисалды айтайын. Кытайдан келген инвесторлор менен жолуктум. Алар алты айдан бери лаборатория куруп берүү үчүн жер бөлдүрүп алалбай жүрүшкөн. Кытай инвесторлору 150 млн. долларга алты облуска чоң кампаларды, андан тышкары, эки логистикалык борбор салып бергени жатышат. Өзү келген инвестор менен кызматташа албай, дагы кайсы жактан инвестор күтүп жатасыздар? Жакында биз экспорт багытындагы азык-түлүк маселесин караган жыйын өткөрдүк. Ошол жыйынга сиздин министрликтен эч ким келген жок. Орун басарыңыз жыйындын аягында пайда болду. Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын 11 түрүн тышкы рынокко чыгарууну жолго коюу тууралуу сунуштарыңыздарды эки айдан бери ала албай жатам”, — деп белгиледи К.Боронов.