Жылуулуктун кадырын үшүгөн билет

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Бишкек жылуулук электр борборундагы былтыркы авария ири коррупциялык иштердин бетин ачса, быйылкы жылуулук сезону Бишкек жылуулук системасынын өзү туура эмес курулганын жана аны түп-тамырынан өзгөртүш керектигин тастыктап жатат. Бир сөз менен айтканда, борбор калаанын жылуулук системасы Бишкек жылуулук электр борборунан көз каранды болбой, өз алдынча автономдуу болуп, альтернативалуу жылуулук системасы аркылуу жылышы керек.

Себеби, Бишкекте жылуулук жыл сайын суук катуу түшүп, абанын температурасы мүмкүн болушунча төмөндөп, бир кар жаагандан кийин гана бериле баштайт. Бул убакта шаардын жеке секторунда же жер тамдарында жашаган бөлүгү капкачан үйлөрүнө от жагып, жылуу үйлөрдө жашап калышкан болот. ЖЭБден жылуулук кеч берилгендиктен, бул убакта мектеп окуучулары, бала бакчадагы балдар гана эмес, чоңдор деле бир сыйрадан ооруп чыгышат. Натыйжада жылуулук берилбегендигинин натыйжасында миллиондогон акчалар дары-дармек сатып алганга кетет. Жазда да ошол. Күн бир жылыганда ЖЭБ жылуулук берүүнү токтотот. Анан кийинки сууктарда мектептер да, бала бакчалар да, көп кабаттуу үйлөр да, мекеме-уюмдар да тоңуп отурушат. Кайрадан эле бир сыйра ооруп, дарыканалардын планын толтурмай.

Жылуулук бериле баштагандан бери бир жума өттү, шаардын борборуна жылуулук жете элек. Мектеп окуучулары мурун-дарынан суу куюлуп ооруп жатат. Сабактарына барбай калууда. Мэрия ишенбесе, статистика кызматынан пайдаланса болот, канча окуучу ооруп жатканын. Балдардан тышкары, көп кабат үйлөрдө кары-картаңдар, эмчектеги балдары менен жаш келиндер отурат.

Эми маселенин материалдык жагын алалы. Өткөндө ЖЭБге от жага баштайбыз дегенде, социалдык түйүндө катуу талкуу болду. «Күн жылып кетет, акчанын баарын форточка аркылуу абага ыргытабыз» дегендер да чыкты. Биринчиден, жылуулук маселесине ысыгы ашынган бир-эки адамдын көз карашы менен караган туура эмес. Туура, азыр күн сыртта жылымдап турат. А Бишкек негизинен бетон мектептерден, бала бакчалардан, көп кабаттуу үйлөрдөн турат. Бетон үй бир муздаган соң, күн миң жылымдаса да жылыбайт. Экинчиден, ЖЭБден алынган жылуулук үчүн шаар калкы төлөп жатат. Мындан шаардын бюджети эч кандай зыян тартпайт. ЖЭБ жылуулукту кымбат сатса сатат, асти арзан сатпайт. Ошол эле мектеп, бала бакчаларды айтсак, ата-энелер мектеп фондуна, бала бакча фондуна деп, мыйзамдуу да, мыйзамсыз да акча төлөп жатабыз. Эгер, жылуулук үчүн кошумча акча керек болсо, муну да төлөгөнгө даяр элек. Себе-би, ансыз деле аптекага бир киргенде 1-2 миң сомго чейин дары аласың, бир дары эле 400-500 сом турат, дары ичип айыгып жатабыз, а сууктан улам бузулган организм кайра калыбына келеби же жокпу, ага баары бир эч ким кепилдик бере албайт эмеспи.

Ушундан улам, борбор калаанын жылуулук системасы Биш-кек жылуулук электр борборунан көз каранды болбой, өз алдынча автономдуу болушу керек, альтернативалуу жылуулук системасынан жылытылышы керек деп жатабыз. Ырас, ЖЭБ жылуулукту бекер берип жатпаган соң, аны сатып жаткан соң, жылуулукту эрте берип, кеч өчүрүшү керек, же шаардын мектеп-терин, бала-бакчаларын, кичи райондорун, мекеме-уюмдарын альтернативалуу жылуулук системасына өткөрүшү абзел. Бул жылуулук системасы ЖЭБде жылуулук системасы башталганга чейин мектеп, бала бакча, кичи район, мекемелерди жы-луулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылып турууга тийиш деп ойлойбуз.

Албетте, шаардын жылуулук системасынын опсуз чоңдугу, ыңгайсыздыгы жана ийкемсиздиги үчүн шаардын азыркы бийлигинин күнөөсү жок, бирок, шаарды башкарып, шаардыктардын бардык көйгөйүн мойнуна алган соң, жылуулук системасын ийкемдештирүү жана ыңгайлаштыруу маселесин ойлонгону дурус. Качанга чейин жыл сайын шаардыктар сууктан, муздак дубалдардан жапа чегүүгө тийиш.