Мамлекеттик сатып алуу – мамлекеттин акчасын уурдообу?

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Талас облустук укук коргоо, фискалдык органдарынын координациялык кеңешинин жыйынында көп нерсе ачыкталды.

Талас облусунун прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Б.Жанузаков белгилегендей, мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзам бузуулар тууралуу былтыр 13 арыз түшсө, быйыл 19 арыз түшкөн. Быйылкы жылдын 8 ай ичинде 73 мыйзам бузуу аныкталып, 6 кылмыш иши козголгон. Мисалы, текшерүүдө Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айыл аймагында кичи футбол аянтын курууга тендердик сынакта эң төмөнкү сумманы 2 млн. 83 миң сомду сунуштаган фирмасын эмес, жогорку сумманы 2 млн. 800 миң сомду сунуштаган “Бейбарс” фирмасын утту кылышкан. Кылмыш иш козголуп тергелип, иш сотко жөнөтүлгөн.

Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагында электр линиясын тартууда 250 миң сомдук иш аткарылбаса да формалдуу түрдө аткарылды деп көрсөтүлгөн. Жерүй өнүктүрүү фондусунан Бекмолдо айыл аймагына 170 млн. сом каражат бөлүнгөн. Бирок А.Бөрүбаев атындагы орто мектептин оңдоп-түзөө иштерине 5 млн. 214 миң сом каражат бөлүнүп, тендердик сынакта Төлөев деген-дин кичи ишканасы жеңүүчү деп табылган. Ремонт иштери сапатсыз жасалып, 181500 сомдук иш аткарылбаса деле аткарылды кылып көрсөтүлгөн.

Жалпысынан мамлекеттик 707 миң сомдук зыян келтирилген, ошондуктан кылмыш иш козголгон. Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагында фондудан бөлүнгөн 13 млн. сом каражатка вакуумдук муздаткыч сатып алууга тендерде мыйзам бузууларга жол берилген. Тагыраак айтканда “Текес” фирмасынын лицензиясы жок кезде, тендерди жокко чыгарып коюшкан. “Текес” фирмасы лицензия алууда жетишкенде кайра тендердик сынак өткөрүлүп, аталган фирма 12 млн. 903 миң сомго утуп чыккан. Тажрыйбасы бир ай мөөнөттөгү фирманы жеңүүчү деп табышкан. Натыйжада мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирилип, кылмыш иш козголгон. Мыйзам бузгандар жазаларын алышкан.

Көк-Сай айыл аймагындагы А.Токтокожоев атындагы орто мектептин чатырын оңдоп-түзөө иштерине М. аттуу ишкерге акча которулган. Бирок иш сапатсыз бүткөрүлүп, мамлекетке 463 миң сом зыян келтирилип, кылмыш иш козголгон.

Облус прокурору Гүлмира Кашкарова тендердик сынак иштерге ар бир айыл аймакта, мекемеде атайын адистер даярдалышы керек экендигин баса белгиледи. Быйыл сегиз айда 64 млн. сом акча каражат мамлекетке кайта-рылган. Облус прокурору өзгөчө курулуш иштерин катуу көзөмөлгө алууну талап кылды. “Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы орто мектептин курулушу сапатсыз жүргүзүлгөндүктөн үч жылдан бери пайдаланылбай келе жаткандыгы терс көрүнүш. Ал эми райондо 4 млн. сомго кызматтык үй салынган, соттун имараты 5 млн. сомго ремонттолгон. Мен Манас райондук прокуратурасына кызматтык үйдү 2 млн. сомго эле курууга болот деп жатам. Мамлекеттин акчасын да үнөмдүү сарамжалдуу пайдалануу кажет. Кичи футболдук аянтчалар 4 млн. сомго чейин курулуп жатат. Деги уят деген болуш керек да!” – деди ал.

Г.Кашкарова  Талас  районундагы  Долоно  айыл аймак башчысы сапатсыз көмүр алып келген фирма боюнча өзү арыз жазып кайрылганын мисал келтирип, ар дайым ушундай принципти жетекчилер, айыл аймак башчылары тутунса деген оюн айтты.

Жыйында ЭКККБнын Талас шаардык Талас райондук жана Бакай-Ата райондор аралык бөлүмүнүн башчысы С.Мамырбаев облуста жасалма лицензия менен 2013-жылдан бери курулуш тармагында иштеп жүргөн фирма аныкталганын маалымдап, ошондуктан документтердин түп нускаларын талап кылуу керектигин билдирди.

Ал ишкерлерден, фирмалардан патентти гана эмес, жалпы салык режимдерин тендердик сынакта талап кылууну эске салды. Финпол Талас шаарындагы фирмалардын 90 пайызын текшерген. Текшерүүдө 8 млн. сомго чейин салык төлөбөй жүргөн фактылар аныкталган.

УКМКнын Талас облустук башкармалыгынын башчысы Э.Сманов көпчүлүк учурда ишкерлер курулушка бөлүнгөн каражаттын 10 пайызын тиешелүү кызмат адамдарга, чиновниктерге пара үчүн берип, аны курулуштун сметасындагы каражаттын эсебинен чыгарып алууга аракеттенишерин эске салды. Натыйжада курулуш иштери, оңдоолор сапатсыз жасалат. Ал эми тапшы-рык бергендер сапатсыз иштерди атайылап көрмөксөн, билмексен болушат.

Талас ОИИБнин начальниги А.Жумабеков Талас районунда өлгөн малдын этин бала бакчага берген адам тендердик сынакта утуп чыккан фактыны мисал келтирди. Г.Кашкарова райондордун акимдеринин орун басарларын бала-бакчаларды, мектептерде балдардын тамак-аштарынын сапатына айрыкча көңүл бөлүп текшерип турууну эскертти.

Талас облусу боюнча УКМКнын КККсынын баш-чысы Э.Чоробеков кылмыш козгоодон мурда мыйзам бузуулардын алдын алуу иштерин жүргүзүүнүн натыйжасына токтолду. Эгер күмөндүү фирмалар болсо укук коргоо органдарына кайрылууну эскертти. Ал эми көмүр ташып келүүгө келишим түзүп, бирок графикти камсыз кылбаган фирмалар боюнча да ушундай сунушун айтты .

Ал коррупциялык иштерге шектүү курулуш объекти-лерин текшерүүдө техникалык курулуш эксперттерин та-буу кыйындыгын эске салды. “Шабыркүлдүкү” деп, бирок Кара-Кеченин көмүрү болгон фактылар бардыгын айтты.

Жыйында айыл өкмөт башчылары акимдердин орун басарлары да өз ойлорун ортого салышып, айрым суроолоруна жооп алышты.Мамлекеттик сатып алуу иши боюнча жакында облустук семинар өткөрүү зарылдыгы белгиленип, иш чара мерчемделди.