Өлүк коюу салты: жарма көр – жаңылыштык!

Урматтуу окурмандар! Бүгүнкү биз сөз кылып сиздердин көңүлүңүздөрдү буралы деген нерсе – бул кыргыз элинин эчен кылымдан бери келе жаткан өлүк көмүү маданияты жөнүндө болмокчу. Археология илиминде өлүктү казанактап көмүү (катакомба) маданияты илимде өтө жогору бааланат. Байыркы мүрзөлөрдү казууда казанактап коюлган өлүк (катакомба) абдан жакшы сакталганын көрүп, өлүктү көмүүдөгү казанактап көмүүнүн артыкчылыгын көрүшкөн.

Кийинки мезгилдерде эли-бизде кылымдардан бери ошол салтыбызды бузуп, өлүктү жарма көр казып, ошол казылган чуңкурдун капталын өлүктүн боюу менен эле 60–70 см. оюп туруп кирпич менен тосуп көөмп салышууда. Мындай көмүүнү ата-бабаларыбыз “жарма көр” деп аташкан. Бул согуш учурунда эле алыскы жерде, жол жүрүп бараткан учурда “аманат” деп көөмп коюп, кайрадан эл-жерине кайтканда ачып, кайра казанактап көр казып, ардактап көмүшчү экен. Ошондой эле жаңы төрөлгөн нарис-телер чарчап калганда жарма көр казып коюшкан.

Кыргыз элинде “көр кыстоо” деген сөз бар. Бул сөздүн мааниси киши боюу казылган чуңкурдун түбүнөн кичине айланасы 50–60 см. киши сойлоп киргендей оюк оюп, аны улам тереңдетип олтуруп, тереңдиги 1,50, 1,60 см. андан да бийик, узундугун өлгөн адамдын боюнан да узун кылып казышкан. Ошол оюкту оё баштаганда керки эле сабы кыска мети, чукулук менен казып, улам арылап кеңитишкен. Оюкту каза баштаган учурда кишинин башы араң батып казуу оор болгон. Ушул учурду мүрзө казгандар “көр кыстоо” деп айтышкан. Өлүк 3 метр тереңдикте көмүлгөн. Астына жумшактап майда топурак жазыш-кан. Эл салган топуракты өлүктүн айланасына төгүшкөн. Ошондуктан, эл “топурагың торко, жаткан жериң жайлуу болсун” ж.б. бата берип, куран окуткан. Терең, кургак жерге ка-занактап коюлган өлүк кылымдап турган. Ошондуктан өлүк коюучу жерди топурагы катуу, тегиз жерди тандашкан. Азыркы “жарма көргө” коюлган өлүктү ит, чөө жана башка жаныбарлар казып, оңой эле жеп коёт. Катуу жааган жаандын суусу кирип, өлүктү топурак урап басып калат. Андан дагы адамдын дене-синен чиригенден кийин уулу жыт чыгат. Мына ушунун баарын көрүп-билип, биздин ата-бабалар мүрзөнү казууда атайын билген адамдарды коюп, текшерип турушкан. Азыр биз коомчулук, жалпы элибизге болуп жаткан бул ишти туура түшүндүрүп жеткирбесек,  эң  чоң  материал-дык маданиятыбызды талкалаган болобуз.

Бейшеналы КОЖОГУЛОВ, Кочкор району, Чолпон айылы; О. СОЛТОБАЕВ, археолог, КУУ