1-ноябрга карата аба ырайы

1-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө жана Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…6,

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, түнкүсүн 2…7 градус болот.

Бишкекте жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 3…5 градус болот.