Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Нурлан ДЮШЕМБИЕВ: «Прокуратура органдары коррупция менен күрөштө башкы ролду ойномокчу»

Маектешкен Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,  “Кыргыз Туусу”


– Нурлан Касымбекович, прокура-тура органдарында мезгил-мезгили менен өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарып, аларды коомчулукка ачыктап туруу салты бар эмеспи. Ошондуктан быйылкы жылдын 9 айындагы коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча кандай натыйжаларга жетишилгендигин окурмандарга тааныштырып коюунун оңтою келип турат?

– Албетте, бул багытта прокуратура органдары системалуу иш жүргүзүүдө. Ал прокурордук текшерүү, укук коргоо органдарынын, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупция менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыктарын ведомстволор аралык жана коор-динациялык кеңештердин отурумдарында мезгил-мезгили менен каралышы жана талдоо жүргүзүлүшү аркылуу ишке ашырылууда. Мен бул иштердин көлөмүн ачыктоо үчүн айрым бир сандарга токтоло кетейин. Тогуз айда прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында 1651 текшерүүнүн жыйынтыгында 5605 тартып бузуу аныкталган жана 2620 прокурордук чара көрүү актысы кабыл алынып (өткөн жылдын ушул мезгилинде – 2153), тартип жоопкерчилигине – 1557 (1467) адам, администрациялык жоопкерчиликке – 647 (226) адам тартылган, 403 (323) кылмыш иши козголгон. Прокурордук чара көрүү актыларынан улам 83 723 042 сомдун (42 257 007) орду толту-рулду, анын ичинен 37 315 307 сом – акчалай түрүндө, 46 407 735 сом натуралай түрүндө.

–  Мыйзам  бузуулардын  жалпыланган статистикасы алар кайсы тармактарда басымдуу экенин көрсөтүүдө?

– Алардын 1842си же 32,8%ы мамлекеттик сатып алууларга туура келет, бузуулардын 2122си же 37,8%ы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, 1594ү же 28,4%ы аткаруу бийлигинин территориялык органдарына тиешелүү. Бул боюнча козголгон 403 кылмыш ишинин 67си да ушул тармакка туура келет. Жалпысынан 1842 мыйзам бузуу боюнча 762 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 910 кызмат адам тартылган. Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өскөн жана 49,5%ды түздү.

– Айрым фактыларга токтолуп кетсеңиз?

– Мисалы Талас райондук прокуратура тарабынан райондун Бекмолдо айыл өкмөтүндө мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу аныкталган. Анын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, “К-2АРТ” ЖЧКсы менен биргеликте 4 эски айыл чарба техникасы жана чиркегичтер сатып алынган, натыйжада жергиликтүү бюджетке 776 миң сомдук зыян келтирилген. Азыр кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Дагы  бир  мисал  акыркы  убакта  коррупциялык фактылар көп кезигип жаткан Мамлекеттик  бажы  кызматынын  айрым кызмат адамдарына тиешелүү. Бажы кызматкерлери “Айва” ЖЧКсы менен алдын-ала сүйлөшүп алышып, чет өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларга кошумча нарк салыгы төлөнгөндүгү жөнүндө жасалма квитанциялардын негизинде аларды мыйзамсыз ташып киргизишкен. Текшерүүлөр аныктагандай, мындай шылуундуктун натыйжасында мамлекетке 7 668 475 сом зыян келтирилген.

Ушундай фактылардын негизинде козголгон 8 кылмыш иши боюнча мамлекетке келтирилген жалпы зыяндын суммасы 102 127 906 сомду түзгөн. Бул мисалдар коррупциялык көрүнүштөрдүн кеңири жайылганын көрсөтүп турат.

–  Прокуратура  органдарынын ишиндеги башкы багыттардын бири – мыйзамдардын бардык мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан так аткары-лышына көзөмөл жүргүзүү эмеспи. Бул багыттагы жүргүзгөн ишиңиздердин натыйжасы эмнени көрсөттү?

– Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында 4904 текшерүү жүргүзүлүп, 11 448 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. 5336 (өткөн жылдын ушул мезгилинде – 8301) прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, 2361 адам (3764) тартиптик жоопкерчиликке, 230 адам (568) административдик жоопкерчиликке тартылган. 268 (210) кылмыш иши козголуп, 481 834 028 сомдук (473 272 607) мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган, алардын ичинен 99 623 478 сому – накталай, 382 210 550 сому – натуралай түрдө.

Мына ушул мыйзам бузууларды түрүнө карата келтирсек, 3028и (26,4%ы)– жер мыйзамдарын бузууга, 3166сы (же 27,6%ы) – башка мыйзамдарды бузууга туура келет. Башкаруу органдарынын кызмат адамдары 1497 (же 13%) бузууга жол беришсе, аткаруу бийлигинин аймактык органдарыныкы – 2 197 (19,1%), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыныкы – 5069 (же 44,2%) мыйзам бузууга барышкан.

Ушул сандар көрсөтүп тургандай, негизинен бузууларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле министрликтер менен ведомстволордун структуралык бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жол берилип жатат.

Бул иштердин жыйынтыгы менен жер мыйзамдарын бузууга жол бергендерге карата – 1470, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине карата – 540 прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. Андан тышкары, жогоруда айтылгандай, келтирилген зыяндардын ордун толтуруу боюнча иш алда канча жакшырган.

–  Мамлекеттин  өнүгүүсү  ички жана тышкы инвестициялардан көз каранды. Ошол эле убакта биздин ар кандай фискалдык, контролдоочу ор-гандар тарабынан инвесторлордун иштерине тоскоолдуктар жөнүндө дайыма айтылып келет. Бул багытта иш кандай болууда?

– Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча про-куратура органдары тарабынан бул багытта 327 бузуу аныкталган, аларды жоюуга 139 прокурордук чара көрүү актысы түзүлгөн, 97  кызмат  адамы  тартиптик  жана  административдик жазаларга тартылган.

Андан тышкары, бизнесмендердин иш-кердик жүргүзүүдөгү укуктарын коргоону жакшыртуу, аларга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан негизсиз жана кайталап текшерүүлөргө жол бербөө максатында ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлүп, алардын пикирлери эске алынууда.

Аталган мезгил ичинде прокуратурада ишкердик субъектилерине карата укук коргоо жана салык органдары тарабынан 6495 текшерүү, өз алдынча башкаруу органдарына карата 1853 текшерүү катталган. Ишкердик субъектилерин текшерүүнү каттоо боюнча 233 учурда, өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнү каттоо боюнча 73 учурда документтер туура эмес толтурулгандыктан же ушуга окшош текшерүүлөр жүргүзүлгөндүктөн, баш тартылган. Президенттин  быйылкы  жылды  Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган жарлыгын  аткаруу  үчүнү  Башкы  прокурордун

4-майдагы “Жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү тоскоолдуктарды жоюу жөнүндө” №3 буйругуна  ылайык,  үстүбүздөгү  жылы  прокурорлор тарабынан демилгеленген жана пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынган.

– Өлкөбүздөгү дагы бир көйгөй – балдардын укуктарынын корголушу. Бул боюнча да дооматтар үзүлбөй айтылып келет?

– Балдардын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл боюнча 858 текшерүүнүн натыйжасында 8 276 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 1411 адам тартип жоопкерчилигине тартылуу менен 1342 прокурордук чара көрүү актысы кабыл алынып, 29 кылмыш иши козголуп, 64 доо арыз сотко жөнөтүлгөн.

Бул мыйзам бузуулардан 3272си — жетим балдардын укуктарын, 1967си – үй-бүлөнү, ата-энеликти  жана  балалыкты  коргоого тиешелүү. Мамлекеттик бийлик органдарынан 3524 тартип бузуу – социалдык коргоо органдарына жана 1579у – билим берүү органдарына тиешелүү.

Мисалы, Башкы прокуратура тарабынан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде балдарды эл аралык асырап алуу мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Мында эл аралык асырап алуу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чет элдик уюмдардын аккредиттелүү мөөнөттөрү негизсиз узартылган фактылар кездешкен. Ошол эле учурда алардын балдарды тарбиялоо жана багуу шарттары жөнүндө отчеттору мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө тапшырылбаган. Андай отчетторду АКШнын жана Канаданын элчиликтеринен тактоолор жүргүзүлбөгөн. Андан тышкары, мисалы, АКШнын жарандарынан бала асырап алуу боюнча 15 арыз келип, бала менен байланыштар белгиленген тартип боюнча КР территориясында эмес, АКШнын территориясында жүргүзүлгөн. Мындан башка да кемчиликтерге жол берилип, натыйжада бул тармакта коррупциялык көрүнүштөрдүн келип чыгуу тобокелчиликтери жаралган. Ошондуктан текшерүүнүн жыйынтыгы менен 30-августта Өкмөткө мыйзам талаптарын бузууларды четтетүү сунушу келтирилген.

– Жогоруда айтылгандардын баары келип өлкөдөгү Конституция жана  башка  мыйзамдар  тарабынан кепилденилген жалпы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушу маселесине келип такалат. Бул боюнча өлкөбүз бир катар эл аралык конвенцияларга да кошулган…

– Тилекке каршы, бул багытта көрүлгөн чараларга  карабастан,  кемчиликтер  дагы да кездешүүдө. Мисалы, 9 ай ичинде прокуратура органдары тарабынан 5831 мыйзам бузуу аныкталган, натыйжада 1941 прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, 1504 адам тартиптик жана административдик жоопкерчиликке тартылган. 28 кылмыш иши козголуп, көңүл буруу актыларынан улам 3 510 999 сомдук зыяндардын орду толтурулган.

Кайсы тармактарда мыйзам бузуулар көп кездешүүдө? Биздин маалыматтар боюнча, көбүнчөсү жарандардын кайрылууларын кароодо – 1457, жарандардын ден соолугун коргоодо – 481, социалдык камсыздандырууда – 263, эркектер менен аялдардын тең укуктуулугун жана мамлекеттик кепилдиктерди – 142, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары менен кепилдиктерин сактоодо – 170, пенсия менен камсыздоодо – 125, миграция жаатында – 95 мыйзам бузуу кездешкен. Башка тармактардагы мыйзам бузуулардын саны 169 болгон.

Мындай мыйзам бузууларга кайсы органдар тарабынан жол берилүүдө? Эң көбү – жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарына тиешелүү. Аларда – 1948, аткаруу бийлигинин территориялык органдарында – 1924, башка мамлекеттик мекемелерде – 856, контролдоочу органдарда – 414,

укук коргоо органдарында 230, аткаруу бийлигинин борбордук органдарында – 206, Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүндө жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда – 145 бузуу болгон.

Ушул жерден эскерте кетсем, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарынын жана кепилдиктеринин сакталышы боюнча сотко 17 доо арыз берилип, алардын 11и канааттандырылып, калганы каралууда.

– Мына ушул тогуз айдын жыйынтыктары талдануу менен прокуратура органдарынын алдына кандай милдеттер коюлду?

– Биздин ишибиздин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында бир катар приоритеттүү тармактар боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди. Алардын катарында коррупцияга каршы күрөштү, экономикалык кылмыштар менен күрөшүүнү күчөтүү, өлкөдөгү инвестициялык климаттын жакшыртылышына өбөлгө түзүү жана ички жана тышкы инвесторлордун укуктарынын корголушун камсыздоо, алар үчүн тоскоолдуктарды четтетүү үчүн прокурордук көзөмөлдү күчтөндүрүү камтылды.

Ишкердик субъектилердин мамлекетке, анын органдарына ишеним деңгээлин арттыруу үчүн мыйзамсыз, бири-бирин кайталаган текшерүүлөрдү болтурбоо, бул жаатта ар бир фактыга өз убагында жана талаптагыдай көңүл буруу керек. Мындан тышкары, жер жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдардын бекем сакталышы, улуттар аралык касташууга жана экстремизмге жол бербөө, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктердин сакталышын камсыздоо милдети да коюлууда.

Экологиянын сакталышына, бардык категориядагы жарандардын мыйзам тарабынан кепилденилген укуктарынын бузулуусуна жол бербөө, укук бузуулар менен кылмыштуулукту алдын-алуу боюнча башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барууну да күчөтмөкчүбүз. А эң негизгиси мына ушундай иштерде прокуратура органдарынын координациялоочу ролун жогорулатмакчыбыз.