Советбек БАЙГАЗИЕВ, филология илимдеринин доктору, профессор: «Медреселер диний билимдин гана эмес, илим-билимдин да очогу болушу керек»

–  Буга  чейин  Булан  институту Ислам диний билим берүү окуу жайлардын абалын анын ичиндеги көй-гөйлөрү,  окуу  программалары, светтик билимдерди айкалыштыруу жаатындагы чоң изилдөөсүн жарыялаган. Анда сиздин фактыларыңыз да келтирилип кеткен,  ага  ылайык  Кыргызстанда XIX кылымда “Усули Жадид” деген реформа жүргүзүлүп, медреселердин окуу программасына светтик сабактар да киргизилген экен. Учурда медреселерде жаңы ыкма менен кандай сабактар берилген жана учурда медреселерде  светтик  билим  менен  диний  билимди айкалыштыруу кандай болуп жатат?

–  Мен  революцияга  чейин-ки  Кыргызстандагы  мектептердин тарыхын изилдегем. Ал тарых Кыргызстанда XIX кылымдын аягында башталат. Россия империясы Кыргызстанды басып алгандан кийин мектептер ачыла баштаган. Алгач Тузем жана орус мектептери ачылган. Акырындап Кыргызстанга агартуучулар көп келе баштаган. Татар агартуучулары Россия полициясынын көзөмөлүндө турган. Алар татар агартуучуларынын Кыргыз-станга, Орто Азияга келишин көп каалаган эмес. Каракол, Токмок жана Бишкекте “Усули Жадид” мектептерин ача башташкан. Сабактардын теңи дин боюнча өтүлсө, жарымы илим, билим багытындагы предметтер болгон. Мисалы, Шабдандын ачкан мектебинде дин менен катар география, тарых, математика, философия сабактары окутулган. 1850-1860-жылдардын башында Ошто ачылган Алымбек датканын медресесинде да Чыгыштын тарыхы, математика, география сыяктуу сабактар окутулган. Алымбек датканын медресесине чейин Молдо Кыргыз деген медресе Наманган шаарында ачылган. Ал медреседе светтик илим, билим багытындагы сабактар окутулган. Улуу акын Нур Молдо дагы ошол медреседен окуган. Намангандагы медресени бүткөн  аалымдар  Алымбек  датканын  медресесине  келип  сабак беришкен. Булар Нур Молдонун ырларында айтылат. Нур Молдо медреселерде көп жыл сабак берген. Анын окуучуларынын эскерүүсүнө караганда, өзү динден тышкары алгебрадан да окуткан. Ал учурда алгебра “алхоразми” деп аталган. “Айгами” деген сабак болгон экен, ал азыркы агрономия. Анда балдарга айыл чарбачылыгын жүргүзүүнүн жолдорун үйрөтүшкөн. Нур Молдонун эрдиги — биринчи жолу ошол медресе-мектепке Манас сабагын дагы киргизгендиги. Анын Манас сабагын  өткөнү,  Ала-Букадагы “Сыргактын дөбөсү” деген жерге барып, Манас айткандыгы окуучуларынын эскерүүсүндө бар.

– Дин маданиятынын тарыхы деген сабак сынамык түрдө 16 мектепке эми киргизилди. Ошол сабакты республика боюнча жайылтуу керекпи?

– Дин маданияты боюнча гана кетсе, ал сабактын окуу китептери талапка ылайык жакшы түзүлсө, бардыгы тартип менен болсо зыяны жок. Дин маданияты менен балдарыбыз куралданса көз караштары кең болот, маданиятын, тарыхын билишет.  Бирок  бул  жерде  бир кооптуу нерсе бар. Мындан бир нече жыл мурун мектепке адеп сабагы кирген. Ал биринчи ыйман сабагы болуп кирген. “Ыйман – бул пайгамбарлар, дин менен байланышкан, диндик түшүнүк, ыйман сабагы мектепке киргенден кийин бул сабакты молдолор бериш керек”, – деп молдолордун баары ошол учурда мектепти каптап, алар сабак берип калышкан. Динчилдер мек-тепти каптай баштаганда Кыргыз билим берүү академиясы маселе коюп, Адеп сабагы деп которуп, илим, билим, этика багытында алып кеткенбиз. Азыр дин маданиятынын тарыхы сабагы сынамык мектептерде гана окутулуп жатат. Эгерде жалпы мектептерге кирсе дин маданиятына жамынып диний экстремисттер да мектептерге умтулушу мүмкүн. Анткени азыр Кыргызстанда активдүү түрдө  диндешүү  жүрүп  жатат. Коомчулук динге массалык түрдө ооп, ал активдүү пропагандаланып,

сыналгыдан дин боюнча берүүлөр көбөйүп жатат. Араб миссионерлери, эл аралык саясый күчтөр Кыргызстанды исламдаштырууга аракет кылып жатышат. Ушундай шартта “Хизбут Тахрир” сыяктуу радикалдуу диний агымдар Кыргызстанда халифат орнотуу максатын ишке ашыруу үчүн мектепти да ээлеп алышы мүмкүн. Ушул жагын байкап, катуу көзөмөлгө алуу керек.

–  Кыргызстандын  80 пайызы мусулмандар. Светтик билим менен диний билимди кантип айкалыштыра алабыз?

– Динди үйрөткөн атайын медреселер бар. Азыр медреселерде жалаң диний багытта окутуп жатышат. Медресени бүткөндөр иш тап-пай калууда. Мен Оштогу теология факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн экзамендеринде төрага болгом. Дин жаатында алган билимдери жакшы, бирок илим, билим багытындагы предметтер окутулбайт экен. Ал  бүтүрүүчүлөр  кайсыл  жакка барып иштээрин билишпейт. Окуу жайларындагы теология факультетинде эле болбосо, башка жерден орун табыш кыйын. Медресенин бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыз кылуу жагы чечилген эмес. Азыркы медреселер XIX кылымдагы өрнөккө, ошол багытка түшүшү керек.  Кыргызстандын  тарыхы, кыргыз адабияты, кыргыз тили, математика сабактарын, Манасты да окутуш керек. Негизги медресенин жетекчилиги кааласа диний билим менен бирге илим, билимди дагы айкалыштырып алып кетүүгө бардык шарттар бар.

– Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар. Ошондон улам азыр айылдарда байма-бай мечиттер салынып, окуучулар дагы орозо кармап,  жума  намазга  барып жатышат. Бул эми ар кимдин өз эрки, өз укугу. Муну биз албетте, сыйлашыбыз керек. Бирок аябай динге берилип кеткен айрым ата-энелер балдарын мектепке жибербей жаткан учурлар да  кездешүүдө.  Бул  көйгөй менен кантип күрөшөбүз?

– Мектептерде жума күнү балдар окууну таштап мечитке намазга кетип калып жатышат. Мындай фактылар бар. Эгерде Исламдын таза, классикалык түрү, Мухаммед Пайгамбардын окуусу, Исламдын педагогикасы, ахлагы жайылса ага эч бир каршылык жок. Азыр ар кандай агымдар, ошол эле Исламдын да ар түрдүү агымдары чыгып жа-тат. Биздин балдарды Сириядагы согушка үндөп, ошол жакка алып кеткен учурлар болду. Диндик экстремисттик уюмдарга тартып жатышат. Менин оюмча, мамлекет ойлой турчу бир чоң көйгөй бар. Ал диний агымдардын тездик менен жайылышы. Диндешүү маселесин эл аралык контексттен да карап көрүш керек.

Балдарын мектепке жибербей жаткандар – диний догмага ишенип алгандар, динге өтө эле берилип кеткендер. Интеллектуалдык, маданий, руханий изденүүлөр менен Кудайды таап алса, ошол диндин тууралыгына изденүү жолдор менен келсе бир жөн. Азыр ошол ата-энелер балдарын да диндин догмасына салып, мектептен бөлүп жатышат. Паранжа жамынган кыздар пайда болду. Муну дагы биз ал өзүнүн жеке иши деп коебуз. Би-рок чындыгында чет өлкөлүк миссиялар атайын ошол кызды кийинтип, күйөөсүн колго алып, ошону өрнөк  катары,  жарнама  катары, эл билсин, көрсүн, ушуга тартылсын  деген  максат  менен  атайын көчөлөрдөн бастырып, пайдаланып жатышат.

Тиленбек АЗЫК