Аккордеонисттен – эл артистине чейинки жолдо…

Даярдаган Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


КР Эл артисти, театр жана кино артисти, куудул, обончу Күмөндөр Абылов 1958-жылдын 30-августунда Нарын районунун Учкун айылында туулган.

Бала  кезинен  эле  абдан  тамашакөй  болуп,  элдин  көңүл  чордонун-да чоңойгон. Ошондуктан мугалимдер аны дайыма алдыңкы партага отургузушчу экен. “Ошондо да артымды бир карап, класстын тең жарымын күлдүргөнгө үлгүрчүмүн. Кээде баракка бир нерсени жазып, артыма көрсөтүп койсом, баары каткырып жатып калышчу. Мындай мүнөзүмдүн айынан мугалимдерден көп эле тил уккам. Сабакта балдар өздөрүнчө күлүп калышса деле «дагы сен бирдеме кылдыңбы?» деп мени урушуп жатып калышчу», – дейт өзү.

Балалык тууралуу эскерип, дагы бир окуяны эсине түшүрдү: “Мектепте окуп жүргөндө жездемдин кызы шаардан келип калды. Ал бизден эки жаш кичүү эле. Анан балдардын ошол кыз жөнүндө сүйлөшүп жатышканын угуп, досторум менен биргеликте сценарий түздүк. Алар бир баланы ээрчи-тип келишмек, а мен кыз болуп чыкмакмын. Кеч да кирди. Мен жездемдин үйүнө барып, жанагы кызынын кийимдерин кийип, ке-чинде тиги бала менен жолугушууга чыктым. Ал менин колум-дан кармап, мен «коё берчи» деп назданып, ал болсо«колдоруң аябай  жумшак,  назик  экен» деп мага комплимент айтып. Анан кой дегенди укпай, колумду коё бербей жатканы-нан жаактан ары бир чапсам, талп этип жыгылып түштү. Тилдемиш болуп кирип кеттим. Балдар «кыздан таяк жеп калдың» деп аны аябай шылдыңдашты.

Эртеси көчөдө баратсам тиги бала алдымдан чыкты. Эми мени сабайт го деп турсам унчукпайт, көрсө, тиги досторум «ал Күмөндөр болчу» деп айтышпаптыр да.  «Кечинде  жездеңдин үйүнө барсак, кызы жаакка чапты эле, катуу чабат экен, жаагым ооруп калды» деп айтып кирсе болобу. Мен экенимди айтсам, ишенбей жатып араң ишенген”.

Орто мектептен кийин Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүндө окуган.

1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында, үйлөмө аспаптар оркестринде кызмат өтөп келип, Тянь-Шань  райондук  маданият  үйүндө, Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрына аккор-деонист болуп орношкон.

1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Ос-тровский  атындагы  театр  институтунда,  «Театр  жана  кино  актёру» бөлүмүндө сырттан окуйт. Бир жыл оку-гандан кийин Оштогу кыргыз-өзбек тополоңуна байланыштуу окуусу токтоп калат.

Нарын театрында он жылдан ашуун иштеген  соң  Күмөндөр  1990-жылдардын  орто  ченинде  Бишкек  шаарына көчүп келип, борбордо өзүнүн «Күмөндөрдүн күлкүсү» деген куудулдар жана концерттик тобун түзүп, Кыргызстанды түрө кыдырат. 2000-жылдан баштап Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр болуп эмгекте-нип келе жатат.

***

Күмөндөр Абыловдун атасы таланттуу комузчу болгон. Ал адегенде айылдык, райондук маданият үйлөрүндө жетекчи, жана ошол кездеги Тянь-Шань музыкалык драма театрында (азыркы М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык  драма  театрында)  актёр,  комузчу болуп иштегендигине байланыштуу, Күмөндөрдүн балалыгы жана окуучулук жылдары Нарын шаарында өткөн. Бала кезинен атасынын жолун жолдоо максаты болчу. Мектепте окуган кезден тартып, бардык өздүк-көркөм чыгармачылыктарга калтырбай катышат. Атасын тартып бала кезинен эле колуна музыкалык аспап, айрыкча аккордеонду кармап чоңойгон. Нарын музыкалык драма театрына кызматка киргенден кийин, Күмөндөр аккордеонист эле эмес, артист да болуп эмгектене баштайт.

1982-жылы  Күмөндөр  Т.Абдумомуновдун «Борбаш» комедиясы боюнча коюлган «Борбаштын досу Камгакпай» спектаклинде уй ферма Мамырдын ролун ойноп, театр чөйрөсүнө артист жана комик катары таанылат. Ушул ролу үчүн ал жыл сайын өтчү республикалык театр сынагынын «Жылдын мыкты актёру» (1983) но-минациясын утуп алат.

***

Союз маалында кайсы гана концерт болбосун, хор менен ачылар эле. Ал кезде Күмөндөр Нарында, театрда иштечү. Анан аларга кошуп университеттин студенттерин да хор ырдатышчу. Ошол студенттердин арасынан жубайы Жамиляга көңүлү түшүп, анан баш кошушат. Нарында жашап жүрүп ондон ашык батир алмаштырышкан. Артистмин десе эле батир берүүчүлөр айнып кетишчү. Көбүнчө ал узак убакытка гастролго чыгаарда батирди бошоткула дешет. Анан ал туугандары менен досторуна «Жамиляга көчүүгө жар-дам берип койгула» деп кете берчү. Кел-генде түнкүсүн элден «Күмөндөр деген баланын үйүн билбейсиңерби?» деп сураштырып жүрүп тапчу. «Күмөндөр деген сен өзүңсүң го?» дегендерге башынан түшүндүрүп берүүгө туура келет. Айтор, бир келсе баласы төрөлгөн бо-лот, дагы бир келсе күлүп калат, кийинки гастролдон келгенде жөргөлөп, андан кийинкисинде басып калган болот.

***

“Союз  мезгилиндеги  артисттер жаштыгыбызды  гастролдорго эле берип койчу экенбиз. Ал кезде план толтурчубуз. Бир гастролдук сапарга чыгып, бир бригада 60 миң рубль төкчүбүз. Анан да «канча адамды маданият жактан тейлеп келдиңер?» деп отчёт талап кылат. Бир бригада менен гастролго чыгып, үч айдан кийин келсем, экинчи бригада менен ойногон спектакль даяр болуп калып, алар менен кайра кете берер элем. Ошентип 8 айга чейин талаалап жүргөн күндөрүм болгон.

Бир ирет ошентип гастролдоп кыштоого барып калдык. Сыртта 50 градус суук. Ак-Сайдан келатканбыз. Машинабыз бузулуп, жолдо калганбыз. Анан бензинди шланг менен соруп алып паяльникке ку-юп, аны менен жылынып отурабыз. Бир маалда ууланып, башы-көзүбүз тегеренип чыкты. Айлабыз кетип тигини күйгүзүп коюп, машинанын терезесинен башыбызды чыгарып таза аба менен дем алып отура бердик. Бензинибиз түгөнгөн маалда алысыраакта бир жүк ташуучу машина ке-латыптыр. Ага суранып жатып отуруп алдык, машинанын ичине батпайбыз да, артындагы кап-кап жемдердин үстүнө отуруп алганбыз.

Анан бир үйгө бардык. Жеткенче тоңуп калганбыз. Колдорубуз жумулбайт. Ошентип жүрүп, кыскасы, мен кыргыз элиме жакшы эле эмгегим сиңди деп айта алам.

***

Күмөндөрдү кыргыз жумурай журтуна тааныткан, албетте, анын куудулдук өнөрү. Ушул өнөрдүн аркасы менен ал Кыргызстандагы чыгаан куудул атыкты. Бир нече жолку мелдештерде, сынактарда алдына бир дагы комикти чыгарбай баш байгелерди утуп алды.

Күмөндөр кыргыздын салттуу куудулдарынын жолун улады. Ал башка комиктердей болуп текстти жаттабастан, өнөрүн Куйручук, Бекназар, Жоошпай, Шаршендер сыяктуу жалаң импровизацияга негиздейт. 2000-жылдан тартып Күмөндөр Кыр-гыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында актер катары киргенден кийинки он жыл ичинде ондон ашуун мыкты образдарды жаратты.

Күмөндөр Абылов кыргыз журтчулугуна театр артисти, куудул гана эмес, кино актер катары да кеңири таанымал. Ал ат-карган “Ак илбирстин тукуму” фильминдеги эр сайышка түшкөн жигит, “Жаралуу үчүн курман болуудагы” Бекнияздын жигити, “Кербез” фильминдеги Арзымат, “Айыл өкмөтүндөгү” айыл өкмөтү, “Юридикалык консультациядагы” Айыл өкмөтү, “Белгисиз  маршруттагы”  милиционер-дин образдары көрүүчүлөрдүн көңүлүн уюткан.

***

Артисттик өнөр, куудулдугу менен кошо обончулугун да таштаган жок. Анын кыркка жакын обону ушул кезде да кыргыздын таланттуу ырчыларынын репертуарынан орун алган.

Булардан  сырткары  да  К.Абылов элүүдөй интермедия монологдорду жазган, төрт спектаклдин музыкалык жасалгасынын автору жана өзү да режиссер катары спектаклдерди койгон.

***

«Король  Лир»  спектакли  жүрүп жаткан. Мен Освальддын ролун ойночумун. Ал кезде атам ооруп жаткан эле. Сахнага кирип-чыгып атып, актерлордун улам шыбырашып жаткандарын байкап калдым. Мага жолошпойт. Сездим. Атам бирдеме болгон экен дедим. Эмнени сүйлөшүп атасыңар деп сураганга даай алган жокмун. Жарданып карап отурган элди ойлодум. Менин ичимдеги дүрбөлөң менен элдин иши канча. Чымырканып сахнага чыгып кеттим.

Буга чейин деле спектакль учурунда баласы же дагы бир жакыны өлүп калып, сахна артына чыкканда буркурап-боздоп, кайра каткырган боюнча сахнага чыгып кеткен актерлор тууралуу укчумун. Менин да башыман ошол нерсе өттү. Алдымдан жер көчүп турса да, сахнаны, элди таштай алган эмесмин. Спектакль бүтөрү менен шашып-бушуп үйгө жөнөп калдым. Артыман балдар чыгып үйгө жеткирип келишти. Мен үйгө жеткиче артисттер үйгө барып калышыптыр, ошол жерден угузушту…

Театр, сахна деп жүрүп мени кенедей-имен багып, атамды байке, апамды жеңе дедирген чоң апама топурак салбай калгам. Анткени ал учурда мен башкы ролдо  болчумун,  эгер  мен  барбай  калсам, канча деген киши иши жок ачка калмак, гастроль үзгүлтүккө учурамак. Бирок сезет экенсиң, бир ай жок болдум, жүрөгүм түпөйүл тартып, кандайдыр бир ыңгайсыз абалда жүрдүм. Жакындарыма топурак сала албай калган көп эле учур болду. Бул мактаныч же көпкөндүк эмес, бул театрды, ага келген адамдарды чексиз сый-лоо деп эсептейм”.