Чыныбай Турсунбеков жетектеген делегация Чехияга барды

Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация бүгүн, 26-майда расмий иш сапар менен Чех Республикасына барды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

27-майга чейин улана турган иш сапарда Төрага Чыныбай Турсунбеков Чех Республикасынын Сенатынын Төрагасы Милан Штех, Парламенттик депутаттар Палатасынын Төрагасы Ян Гамачек жана аталган өлкөнүн Премьер-министри Богуслав Соботка менен жолугушат.

Ал эми делегация курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Кенжебек Бокоев, Зиядин Жамалдинов, Бакытбек Жетигенов, Кубанычбек Жумалиев, Жунус уулу Адыл жана Бахадыр Сулеймановдор бар.