Самара Каримова кызматынан бир жумадан кийин бошотулду

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 1-ноябрда ырчы Самара Каримованы Ныязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Каримова бул кызматка статс-катчы тарабынан мыйзамсыз жана Жаманкулов министр боло электе дайындалган. Мындан улам Каримованы кызматка дайындоо тууралуу чечим жокко чыгарылган. Ошондой эле  статс-катчыга сөгүш жарыялоо сунушу Премьер-министрге жиберилген.

Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген артисти» наамын алган Самара Каримова 24-октябрда алты айлык сыноо мөөнөтү менен  музыкалык мектепке жетекчи кызматына дайындалганы маалымдалган болчу.

Эске сала кетсек, былтыр министрлик 28-июлда 27 жаштагы Каримованы Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин башкы директору болуп дайындаган. Мындай чечимге коомчулукта нааразычылыктар пайда болуп, мындан улам ырчы аталган кызматтан баш тарткан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *