Орто Азиядагы эң ири текстилдик бирикменин курулушу башталды

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстан жеңил өнөр жай продукцияларын өндүрүү жагынан бүтүндөй КМШ аймагында татыктуу орун тапкан. Эл аралык деңгээлдеги мыкты брендге айланган «Made in KG» маркасын мындан ары да өркүндөтүп, өнүктүрүү максатын көздөп кыргыз Өкмөтү “Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү” деп аталган атайын программа кабыл алган. Дал ошол программанын алкагында 31-октябрь күнү өлкө экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу зор окуя болуп өттү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык пар-кынын курулушуна биринчилерден болуп кол тийгизип, капсула коюу салтанатына катышты.

Парктын аймагында тигүү, текстилдик жана бут кийим продукциясын өндүрүү боюнча 112 профилдик фабриканын курулушу пландаштырылууда. Орто Азиядагы эң ири бул өндүрүштүк аянт 216 миң чарчы метрди ээлеп, 200 миллион доллар инвестиция тартылып, 35 миң мекендешибиз татыктуу жумуш орундары менен камсыздалганы турат. Эң башкысы бул индустриалдык-логистикалык паркка каражат жумшагандар-дын дээрлик 70 пайызы ички ата мекендик инвесторлор. «Silk Way» Индустриалдык паркы» ЖЧК башкы директо-ру  Адилет  Кубаныч-бековдун айтымында Ааламдык атагы бар кадимки Adidas, Zara, Sela, Climber сыяктуу фирмалар менен кели-шимдер түзүлгөн.

“Жергиликтүү ишкерлердин алгачкы ири инвестициясы”

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багытталган олуттуу иштери муну менен токтоп калбастыгын, бул башталышы гана экенин баса белгиледи.

— Бүгүн чоң майрам орун алууда. 70 гектар аянтта жайгашкан жана 35 миң жумушчу орунду түзө турган аймактагы көлөмдүү индустриалдык-логистикалык парктын курулушу башталууда. Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын ишке ашыруу алкагында Өкмөт тарабынан калктын жашоосун жакшыртуу, атамекендик өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы жумушчу орундарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынууда. Жаратмандык – бул күнүмдүк талыкпаганэмгек.  Бүгүн  эгемендүүлүк жылдары  ичинде  алгачкы ирет жергиликтүү ишкерлер жеке инвестицияларын өлкө ичиндеги экономикалык долбоорлорго тарта алуу мүм күндүгүн көрсөтүп жатат. Масштабдуу долбоорго тартылган каражаттын көпчүлүк бөлүгү – бул жергиликтүү ишкерлердин инвестициясы. Аларды Кытай жана Түркиянын инвесторлору колдоого алды. Жалпысынан алганда аталган индустриалдык-логистикалык парктын курулушуна 200 млн. АКШ доллары багытталат. Парктын аймагында соода логистикасын жана жеңил өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү  үчүн  мыкты шарттар түзүлөт, текстилдик продукциянын өндүрүшү ишке бе-рилип,  бажы  терминалдары заманбап бажы көзөмөлдөө тутуму менен жабдылат, алар бардык бажы процедураларынын ачыктыгын камсыздайт. Мында экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Индустриалдык-логистикалык борбор атамекендик продукцияны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга өбөлгө болооруна ишенем.

Жакында дагы бир нече ишканалар ачылат. Биз аз сүйлөп, көп иш аткарабыз”

-Долбоорду ишке ашыруу үчүн Өкмөт ишкерлерге жерди трансформациялоо жана электр энергиясына кошулуу маселелерин өз учурунда чечүүгө көмөк берди. Бул Өкмөттүн жаңы мамилесинин натыйжалуулугунун ачык мисалы, анда мамлекет бюрократиялык тоскоолдук кылууга жол бербестен, инвестициялык лотторду инвесторлорго долбоорлорду ишке ашырууну шарттаган конкреттүү экономикалык долбоорлор катары түзөт. Бул башталышы гана. Мен, Өкмөт башчы катары инвестицияларды коргоо жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү боюнча биз тараптан көрүлгөн чараларга ишенген инвесторлорго ыраазычылык билдиргим келет. Акыркы айларда эле республикада бир катар, анын ичинде тоо кен жана жеңил өнөр жай тармагында жаңы ишканалар ишке киргизилди.

Парктын курулуш мөөнөтү – 1,5 жыл;
Жумушчу орундары – 35 миң адам;
Жумшалган инвестиция – 200 млн. доллар;
Өндүрүштүк аянты – 216 миң чарчы метр;
Тигүү, текстилдик жана бут кийим продук-циясын өндүрүү боюнча 112 фабрика.

Жакын арада өлкө аймактарында бир нече өнөр жай ишканалары ачылат. Бүгүнкү күнү эң башкысы – бул биримдик, ынтымак жана туруктуулук. Өкмөт бизнес шарттарын жакшыртуу жана ишкерлерди арзан насыялар менен камсыздоо үчүн көп иштерди жасап жатат. Жеңилдетилген насыялоо көлөмүн өстүрүү үчүн «Айыл банкты» капиталдаштырууга 1 млрд. сом жана биринчи кезекте экспортко багытталган продукцияларды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген дыйкандарыбыз менен малчыларды колдоо үчүн «Кепилдик фонду» ААК 300 млн. сом багыттоону чечтик. Биз аз сүйлөп, көп иш аткарабыз.

Өкмөттүн бул аракети көпчүлүк элдин колдоо суна арзып, Кыргызстандын кубаттуу, өнүккөн өлкөгө айланаарына ишеним күчөгөнүн айтышууда. Ишкер, саясат талдоочу Темирлан Сарлыкбек уулу“Мындай өндүрүш аймактары ар бир районго курулушу керек. Ошондо аймактарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Эмерек, айыл чарба өнүмдөрүн иштетүү жана экспорттоо, эт, сүт жана башка көптөгөн багыттарда өндүрүш аймактары керек”деген пикирин билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *