Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Чынын айтам деп сырын айтып алдыбы?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Эгемендик алгандан кийин жүздөгөн миллион доллар кредиттер жумшалса да, өнүкмөк тургай, кайра кедеринен кетип бара жаткан энергетика тармагындагы дагы бир кызык нерсе ачыкталды.

Өткөн бийлик убагында тармактагы менеджментти жакшыртуу үчүн “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” түзүлгөн. Бирок, эмне жакшырганын ошол реформанын башында тургандар эле билбесе, реформалардын үзүрүн мамлекет да, карапайым эл да көрө элек. Анткени, энергетика компаниялары мурдагыдай эле чыгаша-луу иштөөдө, тейлөө сапаты да жакшырган жок.

Бирок, бир нерсе гана жакшырыптыр. Бул жөнүндө энергохолдингдин башчысы Азамат Абдыкадыров ачыктады. Депутат Тынчтык Шайназаровдун суроосуна жооп берип жатып, ал алгач эмгек акысы 80-90 миң сом экенин айтып, парламентарий анын айлыгын биле турганын айтып жарга такаганда, октябрь айында 100 000 сом (!) колуна алганын айтты. А депутаттын маалыматында, холдингдин жетекчилеринин эмгек акылары 160 миң сомго чейин жетет экен.

Буга  ишенсе  болот,  анткени, холдингдин жалпы жылдык чыгымы 74 миллион сом болсо, анын 48 кызматкеринин жылдык эмгек акысына 49 миллион (!) сом сарпталат экен. Ал чыгым бөлүштүрүүчү компаниялардын которууларынын эсебинен жабылат.

Миллиарддаган сомдук карыздар илинип турган энергетика тармагындагы жетекчилер ушундай эмгек акыларды алып жатканда кантип рентабелдүүлүк болсун?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *