Кол өнөрчүлүк улуттун жүзү

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Редакциябызга келген Адилет Дүйшалиев өз алдынча буюм-тайымдарды жана кайыштан ар кыл темадагы улуттук колориттеги картиналарды жасайт. Анын эмгектеринин бири – III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун символу катары жасалган көөкөр. Аны менен баарлашканда ат чабышта аттан жыгылып, оор жаракат алганын, дарыланып чыккандан кийинки турмушун көбүнесе үйдө өткөргөндүктөн кол өнөрчүлүк менен алектенүүнү чечкенин билдик.

– Мен кол өнөрчүлүктү Тагай байкеден үйрөндүм. Ага 6-7 жылдай шакирт болдум. 7 жылдан кийин өз алдымча буюмдарды жасап көрөйүн деп чечтим. Кудайга шүгүр, ишим аз-аздан жүрүп баштады. Негизинен аялдардынулуттук зер буюмдарын, кумара, көөкөр, кайыштан сүрөт чегерилип  жасалган  картиналарды жана башка буюм-тайымдарды жасайм.

Мен бала чагымда эле ээр токумга колдонулган кайыш буюмдарды жасачумун, өзүм да  жылкыга  жакын  элем. Жүгөн, нокто тигип, камчы өрүп жүрчүмүн. Ошол кездеги кайыш менен иштей билгеним да азыркы учурда мен үчүн пайдалуу болду, анткени кайыштан жасалган картиналар  мага  жеўилирээк.

Буйрутма менен адамдардын каалоолоруна жараша буюм-тайымдарды жасайм, жанымда бир шакиртим бар. Анын аты Адилет. Келечекте кол өнөрчүлүктүн бул түрү боюнча өз алдымча ишкана ачсам деген тилегим бар. Баары эле каражатка барып такалат экен. Азырынча мүмкүнчүлүгүм болбой жатат.

Көчмөндөр оюнуна карата жасалган көөкөрдү тез арада бүтүрүү керек болгондуктан, Багдад байке, Тынчтык жана Адилет деген шакиртим болуп төртөөбүз биргеликте жасадык. Көөкөр латундан жасалып, алтынга бууланды, улуттук орнамент тартылып, капкагына көчмөндөрдүн символу түшүрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *