Өнүгүүдө өнөктөштөрдүн ролу чоң

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


1-ноябрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков донор уюмдарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү катышты.

Президент  Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө донорлордун өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө жана инфраструктураны жакшыртууда ролу өзгөчө экендигине токтолду. Ал: “2040-жылга чейинки Улуттук стратегия бир нече орто мөөнөттүү мезгилдерден турат. Стратегияда 2023-жылга чейинки өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары өзүнчө блок менен белгиленген. Бүгүн биринчи этапка өзгөчө көңүлүңүздөрдү буруп, айрым урунттуу жерлерине толугураак токтолуп кетейин. Биринчи этап үчүн бардык маселелер конкреттештирилип, айрым милдеттер же долбоорлор деңгээлине чейин жеткирилген. Колуңуздарга берилген документтер мунун далили.

Алдыдагы 5 жылдын ичинде чечиле турган башкы маселе – адилеттүү сот бийлигин орно туу болуп саналат. Бул жарандардын эртеңки күнгө ишенимин жаратат, саясий туруктуулукка, экономиканын өсүшүнө жана инвестордун ишенимине алып келет.

2023-жылга чейин жарандардын жана бизнестин сот системасына ишенимин жогорулатуу максатында, соттордун отчеттуулугу жана ачык-айкындуулугу жүзөгө ашырылат. Ал эми экономика тармагында энергетика, тоо-кендерин ка-зып алуу жана иштетүү өнөр жайы, жеңил өнөр жайы, айыл чарбасы жана айыл чарба продук-цияларын кайра иштетүү, туризм артыкчылык-ка ээ болот”, – деди.

Президент өз сөзүндө өнөктөш эл аралык уюмдар менен Өкмөттө, Жогорку Кеңеште жана мамлекеттик мекемелерде кандай иш жүрүп жатканын жана кандай тоскоолдуктар бар экендигин, өкмөттүк мекемелер менен өз ара иштешүүнү жак-шыртуу боюнча сунуш пикирлерди билүү максатында ушул жолугушуу уюштурулганын айтты.

Ошондой эле эл аралык уюмдар тарабынан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен иштешүүдө кетирилип жаткан кемчиликтер ачык айкын айтылгандыктан Президент айтылган сын пикирлер боюнча өзүнчө иш алып барарына токтолду.

— Кыргызстан эл аралык донорлор менен тыгыз өнөктөштүк шартта иш алып барат. Эл аралык уюмдар тарабынан инфраструктураны жакшыртуу, таза суу же элдин саламаттыгын сактоо багытында атайын долбоорлор киргизилип, алардын бир тобу жүзөгө ашты. Донорлор менен иштешүүнү Президенттин аппараты өзү координациялап, көзөмөлдөйт, — деди мамлекет башчы.

Ал донорлор тарабынан Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып 10 миллиард долларга че йин жардам көрсөтүлүп, 400дөн ашуун чоң долбоорлор ишке ашканын да эске салды. Биз бири бирибиз менен өнөктөштүктө иш алып барууга тажрыйбабыз жетиштүү. Ошол тажрыйбанын негизинде активдүү иш алып барсак көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз. Биз буга өзгөчө көңүл бөлөбүз.  Анткени  бизде  ички  ресурстар  бар. 2023-жылга карата орто мөөнөттөгү стратегиябыз бул абдан чоң стратегия. Бул стратегияны ишке ашырууда сиздердин жардамыңыздар керек”, — деди С.Жээнбеков.

КР Премьер-министри Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: «Улуттук стратегияны жүзөгө ашырууда сиздерди көмөктөшкөнгө чакырабыз»

— Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын эң чоң бөлүгү – экономикалык блок. Мына ушуну биз да маанилүү деп эсептейбиз. Себеби биздин азыркы кесиптештерибиз, өнөктөштөрүбүз канча жылдан бери кыргыз мамлекетине жардам берип, экономикалык реформаларды жасаганга абдан чоң көңүл бөлүп, финансылык жактан дагы жана башка мүмкүнчүлүктөрдөн дагы жардам берип келе жатканын биз жогору баалайбыз. Биз эл аралык өнөктөштөр менен байланыштын жүрүшүн анализдеп чыктык. Ар кандай чечим кабыл алынганда Өкмөт, анын курамына кирген министрликтер жагынан дагы иш системалуу болбой жатканына көңүл бөлүп жатабыз. Ошондуктан ушул стратегиянын алкагында Өкмөт өзүнүн программасын даярдап бүтүп калды. Анда сиздер айтып жаткан талаптар, экономикалык сектор боюнча документтер кабыл алынат. Улуттук стратегияны жүзөгө ашырууда сиздерди дагы көмөктөшкөнгө чакырабыз.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан ЖУМАБЕКОВ: «Кыргызстан үчүн маанилүү да, керектүү да сунуштар болду»

— Бүгүн дипломатиялык корпус менен эл ара-лык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жакшы жолугушуу болуп отурат. Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин келечектеги тагдыры жана Кыргызстанды кантип өнүктүрөбүз деген максатта жыйын өтүп жатат, мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген Президентке ыраазычылыгымды айтам.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү күндө эл аралык уюмдар жана элчиликтер менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып жатат. Биз элчиликтер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугуп, кыргыз мамлекетинде мыйзамдарды иштеп чыгуу багытында тыгыз иштешүүдөбүз. Жогорку Кеңеш эл аралык донорлор менен иш алып барып, өнөктөштүктө кызматташканга даяр. Сиздер үчүн дайым эшигибиз ачык. Бул жыйында Кыргызстан үчүн маанилүү да, керектүү да сунуштар болду. Бул айтылган сунуштарды, сындарды биз жакынкы арада карап иштеп чыгабыз. Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн сиздер менен кызматташканга даярбыз.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *