Быйыл Бишкек шаарында 30 конуштун жолдору жасалат

Бишкек шаарында быйыл 30 конуштун жолдорун оңдоо иштери жүргүзүлөт. Жакында бул боюнча тендер өткөрүлөт. Учурда буга карата 16 жаңы конуштун жолдорун толук оңдоо долбоорлору иштелип чыкты. Бул тууралуу Бишкек асфальт сервис ишканасынын өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Жумакадыр Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, бул иштердин алкагында Ак-Өргө, Энесай конуштарынан эки көчө, Көк-Жар конушунун 5 көчө оңдолот. Ошондой эле аталган конуштардын борбордук көчөлөрүнүн жолдору толугу менен жасалат.