Бактыгүл СЕЙИТБЕКОВА, жазуучу:  «Семетейди» айта баштадым»

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


– Саламатсызбы, Бактыгүл эже? Азыр кайдасыз? Эмне иш менен алексиз?

–  Азыр  Москва  шаарындамын.  Бир сааттан кийин ишке чыгам. Жолго камынып жаткам.

– Сизди мекениңиздегилер акын, жазуучу катары билишет. Москвада эмне иш кыласыз?

– Мен “Комфорт” аттуу өндүрүштө көп жылдан бери шейшептердин түрүн чыгарууга көмөктөшүп иштейм. Кездемелерди түсүнө карата иргеп, тандап кураштырам. Экинчи жумушум – чоң базарда кыз-келиндердин кийимдерин Кыргызстандан чыгарып келип сатам. Анан Кыргызстандагы Жазуу-чулар союзунун Москвадагы филиалын жетектеп келем.

“Чоочун киши” романынын 3-китебин жазып бүтүп басмага тапшырдым. Бул роман Зуура Сооронбаеванын аманаты эле. Буюрса, жакынкы күндөрдө жарыкка чыгып калат. Китеп качан эле чыгышы керек эле. Устатым, залкар жазуучу Зуура эжемдин арбагы ыраазы болсун.

– Бул тууралуу Зуура Сооронбаеванын бала-бакырасы билеби?

–  Эженин  уулу  Салават  билет.  Чай кайнам убакытта айтып берген окуянын өзөгүнө аяк-башын турмуштан алып, то-луктап олтуруп жаздым. Жоопкерчилик да чоң болду, эженин чыгармасынан кем калбаган чыгарма болсо деп жан үрөдүм. Андан сырткары, “Орфейдин сүйүүсү” аттуу китебим чыкты. Бул роман дагы жарык көргөнү турат.

–  Кут  болсун.  Айтмакчы,  Москва дагы  кыргыздардын  жашоосу кандай?

– Алды отуз жылдан ашуун жашап, үйлүү-жайлуу болуп, балдарын Москвадагы жогорку окуу жайлардан окутуп жаткандар. Орточо жашап жаткандары, кыйналып -кысталгандары бар. Улам жаңы катмар, жаңы муун келип жатпайбы. Баары эле бирдей жакшы болуп кете албайт экен да, бара-бара көнүп, шартка ыңгайлаша башташат. Кыргыз чыдамкай, кыйын калк экен го, баарына чыдап иштеп жүрөбүз. Өкүнүчтүүсү, миграциянын күчөшү жана ай сайын мекендештердин табытын мекенге жөнөтүү. Мекенге, бала-бакырага  болгон  кусалыкты  айтпай  эле коелу.

– Уулуңуз көрүнбөй калды? Чыгармачылыктан кеттиби?

– Алихан Токтогулда, окуусун бүткөндөн кийин өз кесиби менен кетти. Азыр Токтогул районунда тергөөчү болуп иштейт. Башынан айылга, чарбага жакын болчу. Азыр ошо чарбасын көзөмөлдөп, өзүнүн да кесибин аркалоодо. Балам менен сыймыктанам, чыгармачылыгын эч убакта таштабайт. Жакында эле өздөрүнүн тармагында бир конкурска катышып, диплом менен сыйланды. Азыр да бир жаңы ырдын үстүндө экөөбүз иштеп жатабыз.

– Апаңыз семетейчи Сейдананын батасын алганыңызды билем…

– “Семетей” айтуу мага апамдан калган. Албетте, апам сыяктуу баарын айта албасам да көп эпизодду жатка билем. Жаш кезде уялып айтчу эмесмин, айт деп кысташса көркөм окуп берип койчумун. Былтыр биринчи жолу Москвадагы сармерденде апамдын үнү менен айтып чыктым. Андан бери эл билип калып эки-үч жерде айттырышты. Мурда уялсам, азыр сыймыктанчу болдум. Апамдан калган өнөр, апамдан калган, кан менен өткөн талантымды эмнеге жашырам деп. Апамдын “Семетейи”, “Манасы” менен чоңойдум. “Любовь Манаса” деген орусча китебим чыккан. Москвадагы элчиликте бет-ачары өтүп, ар башка улуттагы калемдештер Манастын махабаты тууралуу биринчи жолу окуп жатканын айтышты.

– Апаңыздын аманатын аткарып жаткан турбайсызбы?

– Апам дайыма: “Манас атанын арбагы жылуу Өрүктүгө келип кыштайт” дечү. Токтогулда Өрүктү деген ажайып жер бар. Азыр да жылына бир жолу Таласка барып, күмбөзгө зыярат кылып, апамдын милдетин аркалап келем. Туулган жерге барганда апам айтып кеткен мурасты так аткарганга аракет кылам. Баатырларым тойбой калат деп кунан койду куйкалатып, куран окутчу эле. Анан батасы журтту байыткан калк атасы Кошой абасынан баштап, капылеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан Бакай абасын кошуп баатырлардын ар биринин атын бирден атап, кыргыздын акыркы баатыры Садыр баатырга багыштадым деп бүтүрчү. Көсөөнүн акылы түштөн кийин болуп, эми эмнеге кыргыздын акыркы баатыры деп айтчу деп ойлоном. Апам олуядай эле адам болгон экен, буга жашым өйдөлөгөн сайын түшүнүп да, суктанып да, сыймыктанып да жүрөм.