Кыргызстан менен Азербайжан парламенттери кызматташууну чыңдайт

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова Азербайжан Улуттук Межлисинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-азери кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарды арттыруу маселелерине токтолушту. Ошондой эле депутаттар, түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында байланыштарды кеӊейтүү керектигин кошумчалашты.

Өз кезегинде Азербайжан парламентинин өкүлү Фейзиев Жаваншир түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын быйыл июль айында Бишкекте өтө турган жыйынына Азербайжан Улуттук Межлисинин Төрагасы Октай Асадовдун жыйынга катышарын билдирди.

«Кыргызстан биздин боордош өлкөбүз» — деген Фейзиев Жаваншир Эйюб оглу парламенттик байланыштардын алкагында жана эл аралык уюмдардын деӊгээлинде эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу зарылчылыгына токтолду.