Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: “Айдоочу” акчаны сол чөнтөгүнө сологонбу?

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

20-октябрда мурдагы бийлик убагында бир катар кызматтар-да аз эле убакыт иштеген, ошол эле учурда Алмазбек Атамбаев-дин эң жакын адамы (айдоочусу) болгон Икрамжан Илмиянов коррупцияга айыпталып козголгон кылмыш ишинин алкагында Казандан кармалып, камакка алынды.

Мурдагы президенттин жакын адамы болгондон улам анын камакка алынышы коомчулукта резонанс жаратып жатат. Ал ортодо УКМК менен СДПКнын басма сөз кызматтары бул факт боюнча өз ара карама-каршы маалыматтарды беришти.

Тергөө жана сот органдары бул ишке мыйзамдуу негизде акыркы чекитти коеру турган иш. Бизди кызыктырганы – учурда болгон маа-лыматтан улам чыккан бир жагдай. Тергөөнүн маалыматы боюнча,  И.Илмиянов  «Дизель  комплект» фирмасынан шайлоого демөөрчүлүк катарында 150 миң доллар, же ошол убактагы курс боюнча 10 миллион 396,5 миң сом алган экен. А Боршайлоокомдун ачык маалыматына ылайык, талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна жалпысынан 158 миллион 96 миң сом, анын ичинен юридикалык жактардан жардам иретинде болгону 100 миң сом түшкөн экен.

Ошондо аталган фирмадан алган акчаны “шоопур” кымырып алган болобу? Ошондуктан бул козголгон иштен улам өткөн бийликтин “каармандарынын” дагы бир катар жосундары ачыкталышы ажеп эмес…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *