Футбол: “Дордой” Кыргызстандын чемпиону болду

Бишкектин “Дордой” футболдук клубу Оштун “Алай” клубун 3:1 эсебинде утуп, өлкө биринчилиги аяктабай эле Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан кабарлашты.

Мелдештин жыйынтыгы менен “Дордой” 65 упайга, “Алай” 57 упайга ээ болгон. Ушуну менен “Дордой” футбол клубу чемпиондукту 10-жолу багынтып жатат .

Толуктай кетсек, 5-6-ноябрда өлкө биринчилигинин акыркы оюндары өтөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *