Биринчи май райондук сотунда Шадиевдин иши каралат

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Аскарбек Шадиевдин ишин кароо боюнча соттук процесс башталат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган кылмыш иши боюнча бардык материалдар Биринчи май райондук сотуна үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында өткөрүлүп берилген.

Эске сала кетсек, Шадиевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козгологон. Ал  Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алган деп айыпталууда.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда “Бир Бол” партиясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *