Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Кыргыздар аралашып кетпесе экен

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Пентагон америка-мексика чек арасынын түштүк-батыш тилкесине беш миң аскер кыз-маткерин  жайгаштырмакчы болду. Бул чечим АКШны көздөй келе жаткан миңдеген качкындардын жакындашына байланыштуу экен.

Алар Америка континентинин мамлекеттеринин жарандары экени айтылууда. Бирок, АКШда иштегиси келген кыргыз жарандарын буга чейин жана учурда да Мексика аркылуу киргизип берише тургандыктары жөнүндө кулактандыруулар бизде кезигип келет. Атүгүл социалдык тармактарда Мексика аркылуу АКШга кирип бара жаткан кыргыз жарандарынын видеолору да бар.

Мына ушундан улам, мексикалыктар жана алардын кошуналарына кошулуп алып АКШга кирип кеткиси келген кыргыздар бул маалыматты эске алып коюшса, ашыктык кылбас…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *