«Менин айылыма» – 3,5 млн. доллар

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


31-октябрда Бишкекте Корея Республикасынын эл аралык кызматташтык агенттигинин (КОИКА) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда меморандумга кол коюлду. Меморандумдун негизинде «Менин айылым» долбоору ишке ашырыла баштайт. Ал үчүн КОИКА агенттиги Кыргызстандын 30 айылынын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга 3,5 млн. доллар грант бөлүп берет. Долбоор Баткен, Ош жана Чүй облустарынын айылдарында ишке ашырылмакчы.

–  КОИКА  менен  биз  узакка  созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында ушул гранттык каражатты тартууга жетишип жатабыз. Буга чейин биз Корея Республикасынын  “Семаль  ундон”  “Жаңы кыштак” ыкмасы менен айылдарга жардам берүүнү  ишке  ашырып  келгенбиз.  Андан тышкары, быйылкы жылы Швейцария элчилиги менен биргеликте 23 айылга 36 млн. сомдук грант бөлүндү. Бул Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жаткан аймактарды өнүктүрүү программасына кыйла чоң салым кошот, – дейт мамлекеттик агенттиктин директору Б.Салиев.

Долбоорго киргизиле турган айылдар конкурстук негизде тандалып алынат. Айылдардын инфратүзүмүн жакшыртуу макса-тында координациялык комитет түзүлүп, ал айылдарды тандоонун критерийлерин иштеп чыгат жана тандоону да жүргүзөт. Координациялык комитетке аталган агенттиктин, КОИКАнын, Экономика министрлигинин өкүлдөрү мүчө болуп кирет. Ошону менен катар ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан да кошулат.

Долбоорду ишке ашыруу 2019-жылдан башталат. Ага чейин айылдарды тандап алуу, инфратүзүмдөрдү  курууга  даярдыктарды көрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Айыл жерлерине багытталган бул долбоордун алкагында КОИКА гранттык негизде курулуш материалдары менен камсыздайт, жумушту болсо жергиликтүү коомчулук аткарат. Бул кыргыздардын «ашар» ыкмасына окшошуп кетет.

Меморандумга Корея тараптан КОИКА агенттигинин директору О Донг Гиль кол койду. Кол коюу салтанатына Президенттин жана Өкмөттүн аппараттарынын өкүлдөрү, Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёк катышты.

– Элчи мырза менен бул долбоордун фи-лософиясына чейин талдоо жүргүзүп, элибиздин турмушун жакшыртууга канчалык пайдалуу экени тууралуу баарлаштык. Баштаган ишибиз Кыргызстандын калган бардык айылдарына да таркатылса деген максат, тилегибиз бар. Биздин агенттик менен КОИКАнын биргелешкен ишинен ийгиликтүү натыйжа чыгарарыбызга терең ишенем, – деди Бахтияр Салиев.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *