Бекболот АЙТИЕВ: «Анара Дауталиеванын «АРИСке» тиешеси жок»

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Акыркы айлары «АРИС» программасынын жаңы жетекчиси Бекболот Айтиевдин ишмердүүлүгү боюнча ар кандай сөздөр айтылууда. «АРИСтин» ишин билбейт, бул тармакка чоочун адам, кызматка жекжааттарын тартууда, коррупциялык иштерге жол берүүдө деген айыптоолордун чын-бышыгын өз оозунан угуп көрдүк.

– Бекболот мырза, «АРИСте» иштеп жатканыңызга канча жыл болду?

–  Эң  биринчи   жолу  бул  мекемеге   2003-жылы октябр да эксперт болуп ишке киргем. Түштүк аймагы боюнча социалдык мобилизатор, түштүк боюнча «АРИСтин» жетекчиси болуп 2013-жылдын май айына чейин 10 жыл иштедим. 2013-жылдан 2017-жылга чейин Ноокат районунун акими болуп, кайрадан «АРИСке» быйыл июнь айында келдим. «Аристе» директор болуп иштеп жатканыма 3 айдан ашты. Демек, бул тармак мага чоочун эмес деп ишенимдүү түрдө айта алам.

– Сиздин дарегиңизге карата айтылып жаткан айыптоолор боюнча эмне дейсиз?

– Буга чейин «Аристе» иш жакшынакай эле жүрүп жаткан. Кандайдыр бир топ өз кызыкчылыгын көздөө менен ар кандай туура эмес сөздөрдү жар салып жатышат. Биздеги сатып алуулар бөлүмүнүн атынан жасалма кат кеткен экен. Ошону мени жаздырган деп атышат. Сокулук районунда Челпек деген айыл бар. Ошол айылга таза сууга тендер өткөрүлгөн. Тендерди болбой калды деп, жокко чыгарган жалган катты электрондук дарек менен жиберишкен экен. Кимден кеткен, качан кеткен, кимдин кызыкчылыгы болушу мүмкүн деп териштирдим. Бул ишке «Аристин» кызматкерлеринин эч кандай кызыкчылыгы жок. Тендерди жокко чыгаруу бизге таптакыр кереги жок иш. Тескерисинче тендер тезирээк өтүп, жумушту эртерээк баштаганга кызыкдарбыз. Мындай катты каалаган киши каалаган жеринен жөнөтө алат экен. Каржы полициясына териштирип бергиле деп өзүбүз арыз жаздык.

– Бейөкмөтчү Анара Дауталиева «Аристин» Байкоочу кеңешинин мүчөсүмүн, Дүйнөлүк банк каржылоосун токтотуп жатат деп маалымат таратууда. Бул кептердин чын-бышыгы кандай?

– Бизде Байкоочу кеңешке бейөкмөт уюмдары ашып кетсе 3 жылга гана шайланат. Ал кишинин 3 жылдык мөөнөтү ашыгы менен бүткөн. Бул тууралуу расмий түрдө ага кабарлаганбыз. Жамааттын көзүнчө, «жакшы иштеп бердиңиз, рахмат сизге. Бирок биздин жоболор боюнча максимум 3 жылга гана шайлана аласыз. Биз процедураларды буза албайбыз» деп айтканбыз. Таң калычтуусу Анара Дауталиева азыр деле өзүн «Аристин» Байкоочу кеңешинин мүчөсүмүн деп тааныштырып жүрөт.

Ал эми банктар боюнча айтсам, биз Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Немис өнүктүрүү банкы, Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд менен иштейбиз. Бүгүнкү күндө бирөөсүнөн дагы «каржылоо токтотулсун» деген расмий кат келген эмес. Бардык долбоорлор өз нугу менен иштеп жатат. Эч бири токтогон жок. Бул жагынан эч кандай маселе жок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *