Парламенттик жарышты «Замандаш» баштап берди

Кыргызстанда демократия, саясый атаандаштык деген түшүнүктөр жөн эле сөз эмес. Орто Азиянын авторитардык өлкөлөрүнүн арасында калган Кыргызстан учурда демократиялык, укуктук өлкө куруунун түйшүктүү, оор күндөрүн башынан өткөрүүдө. Көч бара – бара түзөлөт дейт. Биз дагы тандап алган дал ушул эркиндиктин жолунан тайбай кете берсек, сөзсүз максатыбызга жетебиз.

2020-жылдагы парламенттик шайлоо өлкөбүздүн тагдырын өкчөгөн, өлкөбүздү өзгөрткөн ири саясый окуяга айланганы турат.

«Көрүнгөн тоонун ыраагы жок» деп бүгүн айрым саясый күчтөр 2020-жылдагы чоң жарышка даярдык көрүп башташты. 2010-жылдан бери Жогорку Кеңештин көпчүлүк бөлүгүн ээлеп келген КСДП менен «Республика» парти-яларынын абалы азыр башка. Партиясы менен фракциясы эки башка жолго түшүп, ич ара орток пикир таба албай жүргөн социал-демократтар 2020-жылы мурдагыдай зор күчкө ээ боло алышпайт. Самандай сапырылган акчасы бар «Республика» партиясы качып жүргөн Өмүрбек Бабановсуз алдыга озуп чыгышы да күмөн маселе. Демек, 2020-жылы «бая гылардын» эмес, тазараак күчтөрдүн таймашына, алдыңкы жаштардын алдыга чыгышына шарт түзүлчүдөй болуп турат. Ошол мүмкүнчүлүктү алдын ала сезип, биринчилерден болуп «За-мандаш» партиясы «Келечек 4.0» деген заманбап программасын элге алып чыкты.

«Замандаш» ар кайсы саясый кызыкчылыктагы кызыл кулактар чогула калып түзө калган партия эмес экенин элибиз жакшы билет. Терең тарыхы, артында калдайган электораты бар эле. Раматылык Мухтарбек Өмүракунов өзү болгондо парламенттин алдыңкы сабында жүрмөктүр. «Жетим жетилет» демекчи, Өмүракуновдон кийин татыктуу лидери жок жетимсиреп жүргөн «Замандаш» эми жетилген көрүнөт. Учурдагы төрагасы, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш лидерлердин бири Жеңиш Молдакматов алдыдагы парламенттик шайлоодо «Замандаш» оңой эмес атаандаш болорун ачык эле айтты. Жаңы программа-сын жалпы журтка жар салуу аземинде Жеңиш Молдакматов:

– Акчалуулардын эмес, эми жаңы идеялардын заманы келди. Бийликке келем деген партиялар идеясын, программасын ачык айтып, жалпы журтка түшүнүктүү кылып алып чыксын. Элде салыштырып тандоо мүмкүнчүлүгү болушу керек. Биздин партиянын программасы оңой-олтоң эле жазыла калган жок. Биз бир жыл бою ар кайсы тармактын адистери менен кеңешип, дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен иштеп чыктык – деди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *