Кылымга кызмат кылчу жаңы жол

Сүрөт: Келечектеги Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун салуу идеясы бүгүн эле чыга калган жок. Анын тарыхы тереңде. Бул жолдун курулушу 1940-41-жылдары башталып, Тогуз-Торо районунун Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүп Атай айылына жеткенде согуш башталып кетип токтоп калган. Андагы долбоор боюнча деле ушул эле багытта салынмак болгон. Кийин түндүк-түштүк жолу Суусамыр аркылуу өтүп калды. Туннель курулду. Белгилүү болгондой бул өтө татаал жол. Айрым учурларда кар боройлоп же көчкү түшүп кыйындык жаралат. Анын үстүнө стратегиялык жагынан түндүк-түштүктү байланыштырган жападан жалгыз жол болгондуктан, дагы бир жол салуу зарылдыгы келип чыкты.

Жергиликтүү 138 адам иштейт

2012-2013-жылдары сунушталган 5-6 ва-рианттын ичинен азыркы Казарман-Арал-Кочкор-Балыкчы маршруту тандалып алынып,  2014-жылдын  май  айында  жолдун курулушу башталган. Андан бери үч жыл өтүптүр. Адис катары бул жолдун салыны-шы боюнча эксперттик топко дайыма кеп-кеңеш, сунуштарымды айтып, активдүү катышканымды чоң кубаныч менен дайыма эстеймин.

Андыктан анын кандайча курулуп жат-каны да мен үчүн кызыктуу болгондуктан, жакында Көк-Арт ашуусундагы курулуп жаткан туннелди, ага чейинки асфальт төшөлгөн жолдун  курулушу  менен  таанышып  келдим. График боюнча 2020-жылы бүткөрүлө турган туннелдин курулушу кызуу жүрүп жатыптыр.

Альтернативдүү жолдун эң татаал 6-7 учас тогунун узундугу 40 км. аралыкты түзөт. Аны курууда 440 адам иштесе, анын ичинен жергиликтүүлөрдүн саны – 138. Баарынан да жолдун курулушунда иштеп, жергиликтүү элдин жумуш менен камсыз болуп жатканы кубанычтуу көрүнүш. Ошондой эле 146 атайын техника иштетилет. Инженер Өмүрбек Турдумамбетов жетектеген бул участокто 17 инженер-консультант иш алып барат жана 1 лаборатория иштейт. Бүгүнкү күндө курулуш монтаждоо иштеринин бүткөрүлүшү 56,3 пайызды түзөт.

Абада калкыган жол

Нарын  дарыясынын  үстүнө  салынган эстакадалык жолдун курулушу алыстан  караганда  абада  калкып  тургансып көрүнүшү таң калычтуу. Аны карап туруп, ушунчалык масштабдуу чоң иштердин бүткөрүлүп  жатканына  сыймыктанып  да кетесиң. Белгилей кетсем, эстакадалык жолдун колонналары дарыянын нугунан абдан бийик салынышы, суунун көлөмү көбөйгөндө же суу киргенде жолго зыяны тийбесин деген максатта курулууда.

Трассанын дагы бир өзгөчөлүгү жолдун курулушунун дээрлик көпчүлүк бөлүгү Нарын дарыясынын оң жак жээги боюнча катуу гранит таштардан турган аска-зоолорду бузуп, туннель өткөөлү сыяктуу салынып жатканында. Гранит таштан турган тик аскаларды бузуп жол салуу техникалык коопсуздукту талап кылат. Андыктан кошумча көп эске алынбаган майда жумуштар аткарылат. Параметрин сактап жолдун толук бүтүшүнө чейин, ага кошумча экскаватор, атайын техникалардын иштешине шарт түзүүгө байланышкан жумуштар курулуштун мөөнөтүн узартып, баасын дагы кымбаттатып жиберери белгилүү. Бардык жумуш негизинен жардыруу жолу менен жүргүзүлөт экен. Бул дагы курулуштун тез бүтүшүнө тескери таасирин тийгизет.

Участкада темир-бетондон куралган конструкцияларды чыгарган полигон иштейт. Эстакадалык жолго керектелүүчү колонна, балка, плита ж.б. жолго төшөлө турган майда плиталарды даярдап чыгарат. Бардык куру-лушка тиешелүү материалдар атайын лабораторияда техникалык сапаты текшерилгенден кийин гана колдонулат.

Трассанын асфальт төшөө жумуштары али баштала элек. Көк-Арт ашуусунан Казарманга чейинки жол асфальтталып бүтүптүр. Кара-Талаадагы асфальт заводун көчүрүп келип, эмки жайдан баштап асфальт төшөө уланат экен. Ушул жерден кошумчалай кетсем Жогорку Кеңештин депутаттары бул кылым курулушун жеринде барып көрүп койсо көп нерсени түшүнөөр эле…

Сыйлыкка татыктуу азамат

Транспорт  министрлиги  тараптан 6-7 участкадагы жолдун курулушун көзөмөлдөө жол инженери Өмүрбек Турдумамбетовго жүктөлгөн. Курулуштун кален-дарлык пландан кечикпей, өз мөөнөтүндө жүрүшүнө көз салуу да анын мойнунда. Бул участканын  курулушу  календарлык  план боюнча 2015-жылдын II кварталында башталган. Аткарылышы графикте көрсөтүлгөн мөөнөттө жүрүп жатканы байкалат.

Жол инженери Ө.Турдумамбетов тууралуу бир аз кененирээк айта кетпесек болбойт. Ал 1982-жылы, азыркы И.Раззаков атындагы политехникалык окуу жайын бүтүрүп, “жол курулуш инженери” адистигин алып чыккан. Андан кийин Транспорт жана жолдор министрлигинин системасында мастер, прораб, участканын башчысы болуп иштөө менен 1998-2008-жылдары Бишкек – Ош жол курулушунун башкы инженери, техникалык директору болгон. Мындан тышкары, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарындагы жол курулуш объектилерине түздөн түз катышкан. Демек, бул тармактагы чоң тажрыйбасы бар, такшалган адис экендиги көрүнүп турат.

Урматтуу Транспорт жана жолдор министри  Жамшитбек  Калилов  мырза!  Сиз дагы  көп  жылдар  бою  үзөңгүлөш  иштешип, Ө.Турдумамбетовдун ишмердүүлүгүн жакшы  билсеңиз  керек.  Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна зор салым кошуп жаткан Ө.Турдумамбетовду мамлекеттик сыйлыктарга сунуш кылууңузду өтүнөр элем. Менимче, Кыргызстан үчүн өтө маанилүү жол курулушун бүткөрүүгө чоң с-лымын кошуп жаткан бул азамат сыйлыкка татыктуу. Анын үстүнө Ө.Турдумамбетов буга чейин көп жолу мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн экен. Муну менен өз кадрла-рыбызды дагы баалай билсек деген ойду айтып жатам. Ал эми азыркы салынып жаткан альтернативдүү жолубуз тез арада бүтүп, элге кызмат кыла берүүсүн каалаймын!

Бакы ОРОКОВ, КР эмгек сиңирген курулушчусу, өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсионер, Тогуз-Торо району, Казарман шаарчасы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *