Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Парламентарийлер коллегасын эле эмес, карапайым жарандарды да ушундай колдошсо жана коргошсо…

2-ноябрда Алматы шаарында өтө турган соттук процесске парламенттин “Кыргызстан” фракциясынын эки мүчөсү барып катышмакчы.

Эске сала кетсек, ушул фракциянын мүчөсү Дамирбек Асылбек уулу 15-16-февралда трансулуттук кылмыштуу уюмдун курамында экономикалык контрабандага айыпталып Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жанындагы шериктери – Уланбек Мурадилов жана ЧыңгызАбакиров менен кошо кармалган. Андан кийин 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган, анткени Казакстандын жараны экени аныкталган.

Биздин парламентарийлердин оор жана жоопкерчиликтүү жумуштарын (ошентип ишенип туралы) таштап салып, кошуна мамлекетке барып жарандарыбыздын укуктарын коргогону мактоого татырлык. Албетте, эки гана “эгерде” болбогондо…

Эгерде Д.Асылбек уулу жаран-дыгын жашырып, депутат болуп албаганда. Экинчиси – депутаттар коллегасынан мурда анын жанын-дагы эки жөнөкөй жарандын укугун коргогону аттанышканда…

А эң башкысы – биздин парламентарийлердин арасында мына ушундай шектелген адамдар болбосо, идеалдуу эл өкүлдөрү болушмак (Албетте, депутаттын кылмышкер  экенин  сот  гана  аныктаары түшүнүктүү).

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *