Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален СЫДЫКОВА:  «Кытайга болгон иш сапар. Мумиянын окуясы…»

Жазып алган Анара Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз Туусу»


“Бул кызматтык бөлмөбү?”

Эсимде, 1992-жылы кыргыз делегациясы менен Кытайга (Жуңгого, Үрүмчүгө) барып калдым. Ал кезде мам-лекеттик  теле  радио  компаниясында иштечүмүн. Тажрыйба алмашуу максатында баргандыктан, ал жактагы теле радио журналисттердин иш орду, тартиби, эрежелерименен таанышып жүрүп отурдук. Эң кызыгы кайсы бөлүмгө, кайсы бөлмөгө кирбейли, бардыгында бирден кровать жаздык жуурканы менен бар экен. Мен таң калып: “Бул өзү кызматтык бөлмөбү?”, – деп сурадым. Бизди ээрчитип жүргөн кызматкер: “Биздин журналисттер чарчаган убагында дароо жатып эс алышат, тамактанышат, ысык чай ичишет. Эс алган соң кайра ишке киришет”, – деп жооп берди. А кезде бизде андай түшүнүк жок бол-чу. Бул нерсе мага чоң жаңылык болгон…

“Могуну жесең башың басылат дегенсип, коңуз берсе болобу”

Ошондо  жайдын  саратаны  болчу. Ысыкта жүргөндүктөн, башым ооруп калды. Котормочулар да кетип калган эле. Мейманканадан чыгып, өзүм жалгыз дарыкана издеп жөнөдүм. Көчөдөгү жазуулардын бардыгы кытайча болгондуктан, медицинанын эмблемасын карай бердим. Акыры издеп таптым. Дарыканага кирсем, текчесинде жалаң эле чегирткенин, чымындын, жыландын, баканын, түрдүү курт-кумурскалардын жана чөптөрдүн (кургатылган) түрлөрү тизилип турат. Дегеле таблетка аттуу дары жок.

Ал аз келгенсип, сатуучусу да кытай экен. Мен кытайча билбейм, ал кыргызча билбейт. Айтор, жаңсап отуруп, башым ооруп атканын түшүндүрдүм. Могуну жесең, башың басылат дегенсип, бир коңузду берсе болобу. Албай кетип калдым. Анткени, андай нерсени психологиялык жактан дагы кабыл ала албайт экенсиң. Анальгин таба албаганыма көзүм жеткенде, мейманканага бардым да, кып-кызыл кылып кайра-кайра чай ичтим. Кудай жалгап башымдын ооруганы басылып калды.

Балдарыма базарлык ала кетсем…

Ошентип, эртеси экскурсиябызды ул-дык. Ара чолодо базарларын кыдырып көрдүк. Ал жерден соода-сатык кылган дунгандарды кезиктирдик. Ошол кез абдан оор мезгил болчу. Советтер союзу урап, эл кыйналып турган учур эле. Инфляция болуп биздин акча эч нерсеге жарабай калган маал. Кытайдан бир магнитофон же башка бир буюм алып келип, бир үйгө алмаштырып жаткан кез. Карап турсам, казак аялдар ошентип бартер жасап жатышыптыр. Оюмда мен да балдарыма бир нерсе ала кетсем жак-шы болор деп коем. Аңгыча сумкамда жүргөн мумия эсиме түштү…

“Мумия сатам, аласыңарбы?”

Кытайга барардан бир жума мурун академик Оморбай Нарбеков журналисттерди, дарыгерлерди чогултуп, чөптөрдүн курамынан турган мумия деген дары жасаганын жарыялаган. Анын сыныкка, шишикке ж.б. нечелеген ооруларга даба болорун айтып, касиетин түшүндүрүп, баарыбызга тараткан. Мен үчтү алып, сумкама салып койгом. Ошо бойдон Үрүмчүгө көтөрүп барыптырмын. Баягы дарыканадагы чөптөрдү эстедим. Мумия дал ошондой чөптөрдүн тамырынан жасалган демек, кытайларга сунуштасам алышат деп ойлодум. Анан котормочунун жардамы менен: “Мумия сатам, аласыңарбы? Атайын Кыргызстандан ала келгем”, – десем эле баары эмнегедир коркуп, селт этип чочуп кетишет. “Аны кантип алып келдиңиз, чек арадан кантип өткөрдүңүз, жөн эле жиберип койдубу?”, –деп таңдана сурашат. Эч нерседен кабарым жок да. Ооба, посттон жөн эле өткөздү, аны бизге болгондо дагы академиктер берген. Бизде ага эч кандай тыюу салынбайт, үчтү эле алып келгем десем, тим эле көздөрү чанагынан чыгып кетейин деди. Атын угуп эле, так секирип атканынан көрсөтөйүнчү деп сумкамдан алып чыксам:

“Мумия дегениңиз ушулбу?”, – дейт баягылар. Ооба, ушул десем бир топко чейин боорлору эзилгенче каткырып күлүштү. Көрсө, ал жакта мумия деп көп жылдан бери көрдө жаткан адамдын сөөгүн айтышат тура. Мумияны казган адам өлүм жазасына тартылат экен. Үч мумия алып келдим десем, көздөрү алайып жаткан себеби да ошол экен…

Алардын мумиясы тууралуу угуп, мен аябай күлдүм. Ошо менен аны саткан да жокмун. Менден белек болсун деп, экөөнү кытай кесиптештериме, бирөөсүн кайненеме бердим. Ал киши бир сапар бутун кайрып алып, ошону сыйпап дарыланып жүрдү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *