«Полковниктин кучагы»

Илгери эл оозунда, өзгөчө милиционерлердин арасында “Полковниктин кучагы” деген лакап кеп бар эле. Бул лакап сөздүн келип чыгыш жагдайы мындай.

1970-жылдары кайда барба кезек күтмөй болуп кеткен. Баарынан узун кезек пивонун сары челегинин жанында болор эле. Бир күндө пивонун бир сары челеги бошоп, далай акча түшүп кала турган. Анан да кызыгы ошол сары челектердин дээрлик баарында аялдар соода кылышчу. Сыягы эркектер пивонун азгырыгынан коркушчу өңдөнөт. Муну бай-каган эки кылмышкер кечке жуук килейген канжарлар менен куралданып алышып, тиги аял жаңы соодасын токтотуп, кетүүгө камдана баштаган кезде кекиртегине бычак такап, кечке түшкөн акчаны бүт шыпырып кетишет…

Мындай окуя бир нече ирет кайталанып, шаардык милициянын тынчы кете баштаган күндөрдүн бир күнүндө ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги К.Албанов өзүнүн орун басары Көбөгөн Токоев менен шашпай түшкү тамакты ичип олтурушканда телефон шыңгырап, дагы бир сары челекти тоноп кетишкени туу-ралуу жана тоноп кеткен эки адамдын кебете-кешпири, кылмыш болгон жердин дареги жөнүндө багыттама келип калат. Кабар келери менен эки жетекчи чуркап чыгып даяр турган “Волгага” олтурушат. ИИМдин ыкчам тобу ыңгыранып чыкканча алар кылмыш болгон жерге жакындап калышкан. Карашса эле эки жигит тызылдап чуркап, аларды көздөй качып келе жатышкан экен. Качкындар менен тушташа түшкөндө айдоочу тык токтото койду. Көбөгөн жанынан өтүп бараткан кылмышкерди эшикти катуу ачып жыгат да, ал кайра турганча басып жыгылат. Ошондо кылмышкерди кучагына ушунчалык катуу кыскан экен, кылмышкердин көздөрү аңтарылып, өлүп кала жаздаган дешет. Аны көргөндөр “Полковниктин кучагы эс оодарат экен…” — деген сөздү элге таркатып жиберишкен экен.

Көпкө чейин айтылып жүргөн бул сөз, азыр унутулуп баратат. Ушинтип эл оозунда легендага айланган иликтөөчү Көбөгөн Албанов 1926-жылы Ысык-Көл облусунун Сазановка (Ананьев) айылында туулган. Ал 1947-жылы Пржевальскидеги педагогикалык институтунун экинчи курсунда окуп жүргөн кезде жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерин ИИМге тартуу боюнча өкмөттүн чечими  чыгат.  Ошол  чечимдин  негизинде Көбөгөн милициянын Фрунзедеги орто мектебине которулуп, келечек тагдыры бүт өзгөрүлөт. 1950-жылы аны ийгиликтүү окуп бүтүп, милициядагы ишин ыкчам өкүл катары баштаган. Жөндөмдүү жигитке жетекчилер колдоо көргөзүшүп, ага окуусун улантууга кеңеш беришип, Москвадагы СССР ИИМдин жогорку окуу жайына жиберишет. Бул окуу жайын 1959-жылы бүтүрүп келгенден кийин, Каракол милиция бөлүмүн жетектеп иштейт.

Милициянын ишинде кимдин ким экени бат эле билинип калат эмеспи. Ишине так, ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылып, бүтүндөй баш-оту менен берилип иштеген жаш жигитке райондук милиция бөлүмдөрүн жетектөө ишенилип берилип, ал Жети-Өгүз, Тянь-Шань, Түп РИИБдерин жетектеп, өзүнө көргөзүлгөн ишенимдерди актай алган. Кийин 1970-жылдары Нарын ОИИБин жетектеп иштесе, 1974-1983-жылдары ИИМ-дин кылмыш иликтөө башкармалыгын жетектеген. Анын бул жылдарда жасаган эмгектери жогору бааланып, ал кылмыш иликтөө кызматында сиңирген эмгектери үчүн ”Эмгек Кызыл Туу “ордени менен сыйланган, СССРдин Ички иштер министрлигинин “Эмгек сиңирген кызматкери” төш белгисин алган. Кайда гана иштебесин элдин урматына татыган офицер ардактуу эс алууга чыккандан кийин да эл кызматына туруп берди.

Ага кийин Бостеридеги “Көк толкун” эс алуу жайы ишенилип берилди. Бул эс алуу жайынын курулушу башталганы менен көп жылдарга созулуп, бүтпөй келген болчу. Анын курулушун аягына чыгарып, ишке киргизүү милдети турган. Адаттагыдай эле бул ишке да баш-оту менен киришкен полковник аны бүтүрүп ишке киргизип, айланасына карагай, кайың, тал-теректердин көчөттөрүн тиктирип гүлдөткөн. Ооруга айла жок экен, Көбөгөн Үсөнович 1992-жылы каза болуп, аскердик урмат менен сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Анын аты өзү туулуп өскөн Жаркынбаев айылындагы көчөлөрдүн бирине берилди. Демек, анын жаркын элесин эли эч качан унутпайт.

Тиленбек АЗЫК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *