Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Кырдаал өзгөрдү, Карамушкинаныкы кантмекчи?

2012-жылдын 26-февралында депутат Ирина Карамушкина-нын кызматтык автомобилинин айдоочусу Алексей Хурасев коюп кеткен 70 жаштагы бир адам өлүп, 35 жаштагы экинчиси оор жаракат алган.

Ал кырсык үчүн сот А.Хурасевго эки жыл шарттуу эркинен ажыратуу жазасын берген. Ошол эле учурда парламенттин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыпов да адам өлүмүнө алып келген кырсыкка кабылганда 11 жылга эркинен ажыратылган. Маалыматтар боюнча, эки айдоочу тең авария убагында мас болушкан.

Эми  арадан  бир  нече  жыл өткөндөн кийин бул маселе кайра көтөрүлдү. А.Хурасев коюп кеткен жарандардын адвокаты Канат Жайлоев ал мезгилде парламентарий авария үчүн жоопкерчилик тартууга тийиштигин айтып чыкты. Анткени, депутат айдоочусуна дем алыш күнү кызматтык автомашинаны пайдаланууга уруксат берген.

Ал  И.Карамушкинага  карата кылмыш ишин козгоо боюнча мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага кайрылышканын, бирок, ал баш тартып койгонун эске салуу менен, анын да аракеттерине юридикалык баа берилүүсүн талап кылууда. А парламентарий өзү бул иш аркылуу Атамбаевдин каршылаштары аны четтеткилери келип жатыш-канын айтканы менен алар кимдер экенин ачыктаган жок. Депутат чынында эле ушундай ойлойбу, же жоопкерчиликтен качуу үчүн саясатка айланткысы келип жатабы? Бизде мындай “ыкма” жаңылык эмес да…

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *