“Кыргыз Туусунун” тарыхы – кыргыз басма сөзүнүн тарыхы

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Өткөн жылдан баштап статусу өзгөргөн 7-ноябрь — кыргыз басма сөзүнүн башаты жаралган күн. 1924-жылдын дал ушул күнү мурда басма сөзү тургай, жазмасы да болбогон кыргыздар эне тилиндеги гезитке ээ болуп, ал факт аны жаратуучулар – “Эркин тоонун” биринчи жамааты үчүн гана эмес, сабаттуулугу жоюлуп келе жаткан жалпы кыргыз эли үчүн Октябрь революциясынын өзүнөн кем эмес окуя болгон.

Совет бийлиги орногон 1917-жылдан кийин 7 жыл өтсө да, ал учурда дээрлик сабатсыз болгон кыргыз эли үчүн бул жана андан кийин пайда болгон гезит-журналдар маалыматтын жалгыз булагы жана, Ленин айткандай, “коллективдүү агитатор жана коллективдүү пропагандист гана болбостон, коллективдүү уюштуруучу да” болгон. Гезиттин пролетариаттын улуу жол башчысы айтпаган дагы бир эң чоң ролун да айта кетели. Бул – гезиттин кыргыз элинин сабатсыздыгын – жөнөкөй эле кат таануу гана эмес, саясий, маданий да сабатсыздыгын жоюуга кошкон салымы.

Өлкөбүздүн алгачкы жана башкы гезити болгон “Кыргыз Туусунун” мындай вазийпасы өлкө эгемендүүлүгүн алган 1991-жылдан кийин да уланды. Демократия жана сөз эркиндигинин шарданы менен жеке менчик гезиттер жана андан кечирээк пайда болгон жеке менчик радио телеканалдар, маалыматтык сайттар ачылганга чейин, мына ушул мурдагы башкы партиялык гезит өлкөбүздөгү демократиянын, рынок экономикасынын орношуна да чоң салымын кошту. Бул – өзүбүздү көтөрмөлөө эмес, эч ким тана албаган факт.

Ырас, А.Акаевдин, андан кийин К.Бакиевдин бийлиги тушундагы авторитаризмдин өкмөттүк массалык маалымат каражаттарына кийлигишүүсүнүн терс таасири алардын имиджинде чагылдырылбай коймок эмес. Ошентсе да, башкасын айтпаганда, биздин гезит мурдагы тарыхый вазийпасын эстен чыгарбай, жалпы улуттук гезит бойдон калуу аракетин көрүүдө. Өлкөбүздүн бардык региондорунда он миңдеген карапайым окурмандарыбыздын болушу, гезит бетинде жалпы улуттук, региондук проблемалардын жана катардагы карапайым жарандардын көйгөйлөрүнүн көтөрүлүшү – мунун далили.

Өз алдынча мамлекеттүүлүктүн шарапаты менен тарыхый акыйкаттык орноп, Кыргыз ССРинде КПССтин башкы органы – “Прав-да” гезитинин биринчи саны чыккан 5-май – Басма сөз күнү болуп дээрлик 76 жыл белгиленип келген дата өлкө Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы №527 токтому менен чыныгы кыргыз басма сөзүнүн башаты түзүлгөн 7-ноябрга алмаштырылды. Ал Маалымат жана басма сөз күнү аталып калды.

Тактай  кетсек,  өлкөбүздүн  аймагындагы  алгачкы  гезиттердин  чыккан  күнү  боюнча  да  айрым  пикирлер  айтылып жүрөт. Туура, падышалык Россия бийлиги убагында – 1913-жылы  азыркы  Каракол  шаарында  орус  интеллигенциясынын өкүлдөрү  тарабынан  «Пржевальский  сельский  хозяин»  гезити чыгарылыптыр.

Мындай  фактылар башка  региондордо да болгон. Бирок, талашсыз бир нерсе – бул жалпы улут-тук басма сөз каражатынын болбогондугу. Мына дал ушул жалпы улуттук биринчи гезит – 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көргөн мурдагы “Эркин тоо” – “Кызыл Кыргыз-стан”  –  “Советтик  Кыргызстан” жана азыркы – “Кыргыз Туусу”.

Акыркы  мезгилде өлкөбүздө болуп келгендей, оозеки  айтылган  санжыраны, таржымалды жана тарыхты бурмалаганга болот. Бирок, орустарда айтылгандай, “калем менен  жазылганды  балта  менен чаап сала албайсың”! Анын сыңарындай, гезит бетинде жазылганды өчүрүүгө мүмкүн эмес (азыркы технологиялардан улам – радиого жазылып алынганды, телевидениеге тартылып алынганды, маалымат сайттарында чагылдырылганды да). Бул нерсе мына ошол массалык маалымат каражаттарында иштеген кесиптештерибизден өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат.

Бир убакта өлкөнүн биринчи да, башкы да гезити болгон “Кыргыз Туусунун” жаралышы менен башталган журналисттердин кесиптик  майрамы  менен  басма сөзгө жана маалымат жайылтууга тиешеси бар бардык кесиптештерди куттуктайм!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *