7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү: Сыймыкка бөлөгөн бабаларыбыздын бай тарыхы

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” катары быйылкы жылы экинчи жолу расмий белгиленүүдө. Айтылышы бир сөз, бирок мааниси миң жылдарга татыган бул расмий эскерүү күндөрү – кыргыз элинин таш карыткан тарыхындагы өтө орчундуу учурларды, далай кыл чайнашкан кыйын-кезеңдерден өтүп, бүгүнкү көз карандысыз мамлекет катары өз алдынча түндүк көтөрүп турган мезгилине чейинки окуяларды камтыйт.

Тарых тандырбайт. Таштагы жазуулар андан бетер. Буга илимге “Орхон -Енисей жазуулары” деген аталышта кир-ген, кезегинде Улуу Кыргыз каганаты ка-тары (IX-X кылымдар) бүтүндөй Азияны титиретип, ооматыбыз жүрүп турган тарыхыбыздын бир үзүмүн чагылдырган жазуулар күбө. Ошол эле илимде бери алганда үч миңдик жылдык тарыхыбыз кашкайып жазылып турат.

Буларды эмне үчүн айтып жатам? Бүгүнкү көз карандысыз мамлекет катары Кызыл тууну көкөлөтө көтөргөн ушул күндөргө оңой эле жете койгон жокпус. “Кайың барбы кыргыз балта чаппаган… Кырлар барбы кыргыз өлүп жатпаган” деген жүрөк титиреткен ыр саптары тегин жеринен чыккан эмес. Азыркы эгемендигибиз – “Манаста” айтылган, доорлордон бери эңсеген тилегибиз болчу. Ушул ак мөңгүлүү Ала-Тоону каны-жаны менен коргоп, бүгүнкү муундарга мураска калтырган ата-бабаларыбызга рахмат! Алардын басып өткөн жолу мамлекетибиздин байсалдуу тарыхы болсо, өмүрлөрү өрнөк, көздөгөн максаттары биз үчүн ыйык!

Тарых демекчи, ушул жерден кеп кезеги келгенде айта кетейин. Алсак, Эне-Сайда ээн жайкын ат ойнотуп турган доорубуздагы Барсбек кагандын мааниси өтө зор. Ар нерсенин далили болот. “Каган” деген сөз хан эмес. Бир нече хандыктарды бириктирген империяны түшүндүрөт. Кезегинде кыргыз “Каганат” курган. Башында Барсбек каган турган. Белгилүү фактыларды кайталоонун кажети жок, бирок “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө” Барсбек каганды айланып өтүү кыйын. Өкүнүчкө жараша тарыхтагы бетке карманаарыбыз Барсбек кагандын борбор шаарыбызда эстелиги жок. Мунун тарыхый-тарбиялык, патриоттук маңызы абдан маанилүү. Ошол эле учурда сууда калкыган саманга жармашкансып айрым мамлекеттер өз тарыхын жасалма болсо да жасап жатканын окурман журту жакшы билсе керек.

Сөзүбүздү улантсак, кыргыз тарыхында бирде жүрөк сүйүнткөн, бирде эстегенде эс-акылыңдан тандырган тарыхый окуялар көп эле өткөн. Тереңдеп кирбей, ХIX-XX кылымдардагы каргашалуу трагедияларга кабылткан окуяларды алсак, муунуң титиреп кетет. Белгилүүсүн айтсам бул – Улуу Үркүн. Эзелтеден эркиндикке умтулган, Ала-Тоо жергесин ар кимдерге бастыра бербеген кайран эл, ушунда бир катуу кемиди. Кемигенде да кандай? Кечээги эле Үркүндүн 100 жылдыгын белгилегенибизде, анын кесепетинен 120 миң кыргыз ашуу-белдерден, агыны катуу суулардан, падышалык Россиянын жазалоочуларынан набыт болгондугу расмий айтылды. Бул цифра тууралуу ар кандай айтылып жүрөт. Дагы такталышы зарыл. Бирок, чындыкка түз караган, түз айткан жакшы. Былтыркы жылы 100 жылдыгы белгиленген Улуу Октябрь революциясы же аны уюштурган атабыз Ленин болбогондо кыргыз элинин кийинки тагдыры кандай болот эле ким билет?! Азыркы Россия Федерациясынын өзү үчүн улуттук трагедия болуп саналган, анын кесепетинен ак-кызылга бөлүнүп, миллиондогон жарандарын жоготкон бул тарыхый көңтөрүш, дүйнөгө социалисттик системаны алып келип, ошол эле учурда кыргыз элине “Октябрдын таңын” аттырган. Деген менен азыркы Россия Федерациясы 7-ноябрды расмий белгилебейт. Себеби түшүнүктүү!

Совет бийлиги, баарыдан мурда туура жүргүзүлгөн улут саясаты кыргыз элинин өз мамлекеттүүлүгүн түптөгөнгө кыйла салым кошту десек аша чаппайбыз! Ушул жерден совет мамлекетинин тутумунда, анын ичинде Россиянын курамында алгач автономдуу облус, анан автономдуу республика болушубузга эбегейсиз зор салым кошкон, кийин СССРдин курамында – Кыргыз ССРи, сонуңда союз тараганда көз карандысыз – Кыргыз Республикасы болушубузду шарттаган, ата-бабаларыбызды сыймыктануу менен эскербей кое албайбыз.

Жусуп Абдыракманов, Баялы Исакеев, Иманалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов ж.б. өңдүү туңгуч интеллигенциябыздын өкүлдөрү бүгүнкү мамлекетибизди түптөп кеткенин эч качан эсибизден чыгарбайбыз. Тилекке каршы, кайран кишилер репрессиянын курмандыгы болушту. 8-ноябрь дал ушул Саясый репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү болуп саналат.

27 жашында Кыргыз АССРинин Эл комиссарынын төрагасы болгон Жусуп Абдыракманов “кетсе менин башым кетер, бирок элим аман калсын” деп дан тапшыруу боюнча Борбордун буйругун аткаруудан баш тартышы, өткөн кылымдын 30-жылдарында кыргыз элин ачарчылыкка учуратпай, атүгүл 100 миңдеген коңшу казак элин да сактап калган. Бүгүнкү күнү тарыхты жана ата-бабаларыбызды эскерип жатып, эл-жери үчүн канжыгага башын байлаган Жусуп Абдракманов атабыздын бул эрдигине суктанбай коюу мүмкүн эмес. Кошумчалай кетсек совет бийлигинин колхоздоштуруу мезгилинде элдин каймагы болгон канчалаган адамдардын кулакка тартылып кетиши да кабыргабызды эңшерип кетти.

Совет мезгилинде кыргыз эли Улуу Ата Мекендик согушта да катуу кемиди. Айтылып жүргөндөй алакандай элибиз 360 миңдей жалоондой жигиттерин майданга жөнөтсө, алардын жарымы майып-мунжу болуп кайтса, жарымы кайтпай да калды. Ошол эле учурда Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков өңдүү ондогон ата-бабаларыбыздын эрдиктери  (Кыргызстандан  72  Советтер Союзунун Баатыры чыккан) кылымдарга айтылып калды.

Ошону  менен  бүгүнкү  Кыргызстандын көз карандысыздыгы айрымдар айтып жүргөндөй оңой эле келген жок. Мамлекетибиз акыркы 30 жылга чамалуу эгемендик күндөрдө эле түптөлө калган жок. Кайталагандай болбоюн, Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болушу – доорлордун кезеңинен, кылымдардын түпкүрүнөн Манас баштаган ата-бабаларыбыздын тилеги, эңсөөсү болчу. Дайыма айтып-жазып келгенимдей, биз бул күндөрдө жашап жатканыбыз үчүн абдан бактылуубуз. Муну тарых тандырбайт. Ал эми ушул күндү бизге мурастаган, ал үчүн кан-жанын аябаган ата-бабаларыбыздын аракети дайыма эсибизде! Ошондой эле элибиздин эгемендигин көздүн карегиндей сактоо баарыбыздын ыйык милдетибиз экенин да унутайлы!

Роза АЙТМАТОВА, коомдук ишмер: Бардык майрамдардан артык көрөм

Мен үчүн 7-8-ноябрь — ата-бабаларды, тарыхты эскерүү күнү бир жылда боло турган бардык майрамдардын эң негизгиси. Анткени, атам Төрөкул Айтматов менен бирге мамлекетибиздин тарыхын түптөгөн, алгачкы агартуучулук иштердин пайдубалын түзгөн айныксыз асыл, улуу инсандар “Ата-Бейитке” көмүлүшкөн. Ошол өткөн кылымдын отузунчу жылдары Кыргызстанда 1 миллионго жакын калк бар экен. Тарых илимдеринин кандидаты Болот Абдрахмановдун иликтөөсү боюнча ошол жылдары калкыбыздын 20 миңи репрессияга туш болуптур. Бул тууралуу эл кеңири билсе жакшы болор эле.

Ушул  майрам  ошол  сыяктуу  трагедиялуу окуялардын кайталанбашы, урпактарыбыз  ата-бабалардын  тарыхын таанып-билиши, андан жаштар сабак алуулары үчүн керек деп ойлойм. Анткени азыркы жаштар келечекте мамлекетибизди өз колуна алып, ата-бабалардын ишин улантуучулар эмеспи.

7-ноябрда “Ата-Бейитте” жаткан бабаларды эскерүү күнү болот. Алардын урпактары барып, гүл коюп куран окутабыз. Анда планетардык жазуучу агам Чыңгыз Айтматов да түбөлүк орун алган эмеспи.

Жумагул БАЙДИЛДЕЕВ тарых илимдеринин кандидаты, архив таануучу: 20 чакты адамдын ысымын эле атайбыз, а калгандары изилденбей калууда

7-8-ноябрь – Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Буга чейин 7-ноябрь репрессия курмандыктарын эскерүү күнү болуп бекитилген. Бирок негизи эле кыргыз элинин тарыхында басып өткөн жолун эскерүү болуп эсептелет.

Ал эми коңшу өлкөлөрдү карасак, ми-салы, Казакстанда 31-май репрессия курмандыктарын эскерүү күнү болуп жарыяланган. Жакында Казакстанда 31-октябрда репрессия курмандыктары боюнча эл аралык конференцияга катышып келдим. Ошондо казак окумуштуулары Кыргызстандын 7-8- ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялашына өзгөчө маани беришти. Анткени 7-ноябрь мурда Улуу октябрь революциясынын күнү болчу. Мына ошол социализмди, советтик өкмөттү куруп, бирок ошол күндүн өтөсүнө жетпей, эл душманы катары атылып кеткен ата-бабаларыбызды эскерүү күнү кылганыбыз – бул эң жакшы нерсе экенин айтып жатышты.

Ушул багытты иликтеп жүргөн окумуштуу катары айтарым, ата-бабаларды эскерүү күнү эле эстеп калбай, өзгөчө маани берсек. Анткени ушул күнгө аз калганда эле же шайлооалдында айрым партиялар Ата-Бейитке барып, жылкы союп ата-бабаны эскеребиз деп калышат. Андан көрө бул багытты изилдөөгө маани беришсе. Мисалы 20 чакты адамдын ысымын эле атайбыз дагы, калгандары белгисиз бойдон калууда. Окумуштуулардын чама-чаркы болсо чектелүү. Ошондуктан мамлекет тарабынан колдоо болсо, ушундай белгисиз ысымдарды алып чыксак жакшы болмок. Анткени булар дагы эл душманы катары атылып кетишип, аларды Казакстандын, Россиянын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин архивинен казып чыгып, урпактарга алардын өмүр баяндарын, баскан из, жолдорун жеткирип беришибиз керек.

Айбек МУСАЕВ, «ЭлТР» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору: “Улут тарыхын таанууга жаңыча мамиле керек”

“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” былтыр алгачкы жолу белгиленди. Бул өтө символикалуу нерсе болду. Ар бир эл, анын ичинде биз, кыргызстандыктар, өз тарыхыбызды билүүгө жана ошол тарыхты жараткан ата-бабалардын даңктуу жолун эскере жүрүүгө тийишпиз. Жөн гана эскерип тим болбостон, ошол өткөн тарыхыбызды ар тараптуу изилдөөгө жана ашырбай да, кемитпей да баасын берүүбүз абзел.

Ушул өңүттөн алганда, менин жеке көз карашымда, кыргыз тарыхы толук изилдене элек. Бул эч кимге жашырын эмес. Тарыхчылар таарынбасын, алар үзүп-чолуп, мурда айтылып-жазылып келаткандарды кайталап, башкалар жазган кыргыз тарыхын көчүрүп, болгондо да начар көчүрүп жазып келатканы эч кимге деле жашыруун болбосо керек.

Айталы, качандыр бир кылымдарда улуу кыргыз каганаты болгон дейбиз да, баягы эле көз көнүп калган тарыхый булактарга шилтеме жасап, бир нерсе айткан болобуз. Болгону ошол. А жаңы маалымат булактарын таап, кыргыз тарыхын таанууга жаңылык алып келген бир да тарыхчыны көрө элекмин. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө мындай жүрөк өйүтүп келаткан жагдайлар айтылыш керек. Дегеле, улут тарыхын таанууга жаңыча мамиле зарыл деп эсептейм. Бүгүн тарыхты түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да жазып жатат. Албетте, эч ким жазбасын дебейт, бирок бул да туура эмес. Тарыхты билген киши жазыш керек, жазганда да таасын, калыс, карасын да, агын ак, эч кандай бурмалабай жазыш керек. Ошондо гана биз чыныгы тарыхыбызды билебиз, болбосо, көбүртүп-жабыртып, жамандыгыбызды жашырып, жакшылыгыбызды  ашыргандан  эч  нерсе  өзгөрүп кетпейт.

Бабаларды эскерүү өлкөбүздө формалдуу иш-чара катары каралбашы керек. Бул улуттун жүрөгүнөн чыгып, жалындап күйгөн сайын – элибиздин ынтымагын ширетип, бабалардын жолун улоонун бийиктигин ачат. Алардын кылган иштерин улап, бакубат жашоону өзүбүз камсыз кылуубуз негизги маселе деп билем.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, адабиятчы, айтматов таануучу:  «Бул күн улуттук кайра жаралуу күнү болушу абзел»

Менимче, бабаларды календардын бир күнүндө эле эмес, дайыма, сөз удулу келген учурлардын баарында эскерип турушубуз керек. Болгондо да бир гана мыкты жактарын эмес, кетирген катачылыктарын да айта жүрүш зарыл. Анан, реалдуу чындыкты түшүнүү үчүн апыртмалардан, бир жактуу көбүртүп-жабыртма мактоолордон качуу керек.

Көп жылдан бери Айтматовду изилдеп келаткан адам катары айтарым, быйыл залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилеп жатканыбыз жөрөлгөлүү көрүнүш деп айтар элем. Анткени Айтматовдой залкар адамдар көзү өтсө да, өзүнүн айланасына улутту бириктире ала турган улуу касиетке ээ. Улуу адамдар дайыма улутту бириктирип, уктап бараткан рухтуойготуучу күчкө эгедер болуп келген. Ушул өңүттөн алганда, тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү улутту бириктире турган күн, улуттук кайра жаралуу күнү болушун каалар элем.

Эмилбек МОМУНОВ, Журналист: Тарыхыбыз менен ата-бабаларыбызды унутсак, маңкурт болуп калабыз

“Тарыхы болбой, эл болбойт”, – демекчи, ар бир элдин басып өткөн тарыхы менен маданияты жана каада-салты анын учурдагы жашоосу үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Анткени, ошол эл менен мамлекеттин келечеги тарыхына карап калыптанат. Биз, кыргыздар да дүйнөдөгү эки миң жылдан ашык тарыхы бар байыркы элдердин катарына киребиз. Ошондуктан адамзат тарыхындагы далай согуш, кыргын, талоондорго карабай өз жүзүбүздү, тилибиз менен каада-салтыбызды сактап келатабыз. «Манас» эпосунун 1000, Ош шаарынын 3000 жылдыктарын да жөн гана өзүбүз ойлоп таппастан, ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдар тактап, далилдеп, бекиткен, Кытай жана башка мамлекеттердеги архивдердеги кол жазмаларга таянып белгиледик.

Ушул жагдайга байланыштуу бир өз башымдан өткөн окуяны айтып берейин. Кыргыз журналисттеринин арасынан 2013-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин маданий уюму болуп саналган Түрксойдун сыйлыгын  алгач  мен  алып,  Түркиянын Эскишехир шаарына чакырылдым. Ошондо боордош бурят, хакас элдеринен келген кесиптештериме кыргыздын улуттук буюмдарын белек катары берсем, алар кубангандыгынан ыйлап жибере жаздап, “Силер, кыргыздар улуу элсиңер. XXI кылымда Эгемендүү мамлекет катары сакталып, тилиңер менен маданиятыңарды да жоготкон жоксуңар. Бир кездеги кыргыз каганатынын урандылары азыр биз жашаган аймакта сакталып турат…”, – дешти эле.

Андыктан  биздин  тарыхчылар  ооз учунда айтылып жүргөн кыргыз каганаты тууралуу  материалдарды  терең  изилдеш керек  деп  ойлоймун.  Демек,  биздин  тарыхыбыз СССРдин учурунда таңууланган 1917-жылдан эмес, миңдеген жылдар мурдагы доордон башталат. Эми ошол тарыхыбыздагы ак тактарды, эл, мамлекет үчүн өмүрүн  арнаган  уулдарыбызды  эскерүү менен гана чектелип калбастан, жаңыча көз  караш  менен  изилдеп  чыгышыбыз керек.

Бүбүйра КЫДЫРАЛИЕВА, Ата-Бейиттин сырын ачкан:  «Тарыхын, тилин, тегин билбеген муун – маңкурт муунга айланат»

–  1937-38-жылдары  сталиндик репрессиянын курмандыктары болгон, кыргыз элинин бейкүнөө каймактары Жусуп Абдрахманов, Төрөкул  Айтматов,  Касым  Ты-ныстанов  жана  Баялы  Исакеев баштаган 137 кишинин сөөгү көмүлгөн “Ата-Бейиттин сырын” ачууга  салым  кошкон  адамсыз. “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүндө сиз да артка кылчайып, өткөндү бир эстеп алган чыгарсыз?

– Эстебей анан… Атамдын улуу адамдардын бейити тууралуу керээзин эч кимге айтпай, он жети жыл сары майдай сактап жүрүп, 1990-жылы ачыкка чыгаргам. Мага бул жашыруун маалыматты 1973-жылы, ошол кезде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атам Абыкан Кыдыралиев айтып берген. Бирок ал кезде маалыматты ачык айтууга мүмкүн эмес болчу. Эми ноябрь айынын ушул күндөрүн  “тарыхты  жана  ата-баларды эскерүү күнү” деп кабыл алып, эстеп туруу абдан жакшы. Анткени, өз тарыхын, өз тилин, өз тегин билбеген муун – маңкурт муунга айланат. Ошол «эл душманы» деп 137 интеллигенция өкүлү атылган күн 1938-жылдын так ушул 5-7-8-ноябрь күндөрү болуп жатпайбы. Маркумдардын сөөктөрү казылып, Ата-Бейитке 1991-жылы 30-августта кайра коюлуп, ошонун эле эртеси Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган.

– Жашоо-шартыңыз, ден соолугуңуз жакшыбы, апа?

– Кудайга шүгүр, балам. Өкмөт тарабынан жазында Туңгучтан бир бөлмөлүү батир берилген. Азыр ошондо жашап жатам. Кудайдын дагы ушунусуна шүгүр, 90го чыкканда ушундай үйлүү болдум. Бир бөтөлкө сүт менен бир бөлкө нанымды көтөрүп, эптеп кирип-чыгып жүрөм. Эми, майрамыбыз кут болсун, кагылайындар! Эли-жерибизде акыйкаттык, тынчтык болсун!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *