Тротуар менен айдап, колясканы коюп кетти деген жаран сурак берүүдө

Бишкекте тротуар менен айдаган, эреже бузгандарды чөнтөк телефонуна тартып жаткан келиндин арызы боюнча кылмышка шектүү жаран аныкталды. Бул тууралуу шаардык патрулдук милициянын маалымат кызматынын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баласын коляскага салып сейилдеп жүргөн келин тарткан видео интернетке кечээ тараган. Анда унаа жолдогу тыгындан улам айрым жеңил машиналар тротуар менен айдап өтүп жатканын көрүүгө болот. Окуя ТЭЦ жакта болгону сүрөттөлөт.

Видеого тартып жаткан келиндин жанынан тротуар менен айдап бараткандардын биринен кийин кыйкырган үндөр, баланын катуу ыйлаганын укса болот.

Бул боюнча шаардык патрулдук милициянын маалымат кызматынын ага тескөөчүсү Таалай Бугубаев: «Бишкек шаарынын Учкун кичи районунун 1974-жылы туулган тургуну кармалып, автоунаасы айып унаа токтотуучу жайга коюлду. Чогултулган материалдын баары тергөөгө өткөрүлүп берилди. Медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалды. Айдоочу тергөөчүгө түшүнүк берип жатат», — деп билдирди.

 

Бугубаевдин белгилешинче, коляска айдаган аял аларды айдоочу аял машинасынын алдыңкы дөңгөлөгү менен коюп кеткендиктен баласы жыгылганын айтып жатат. Ал эми айдоочу, тескерисинче, балалуу аялды айыптап, ал буту менен машинаны тепкен учурда коляска аңтарылып кеткенин айтууда. Окуянын чоо-жайын милиция териштирүүдө.