Сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

5-ноябрь күнү Улуттук банкта төрага Толкунбек Абдыгулов журналисттерди Басма сөз күнү менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл” темасын мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында жарыяланган республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылып, бир нече номинацияда сыйлыктар тапшырылды.

Сынак ЖМКнын, жарандардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн калайык-калктын улуттук валюта темасына карата кызыгуусун арттыруу, басма сөз жана электрондук ЖМКларда сапаттуу жарыялоолор аркылуу кыргыз сомунун аброюн жогорулатуу маселесине көңүл буруу максатында өткөрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *