Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги аныкталды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) ири өлчөмдөгү каржылык зыян аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тергеп жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171, 189, 350, 306 жана 315-беренелери боюнча КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында ЖАМК көчмө механизацияланышкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында, баштапкы эсепте мамлекетке 10 миллион сомдон ашуун зыян болгону такталды. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *