7-ноябрга карата аба ырайы

7-ноябрда түнкүсүн Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдордо муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14,

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 5…10,

Бишкекте күн бүркөк болот. Жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 10…12 градус болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *