Маршруткаларды мастар айдайбы?

Күндөлүк турмушубуз Бишкекте өтүп жаткан соң, бир жерден экинчи жерге коомдук транспорт менен жол жүрөбүз дегендей. Мени капалантканы – коомдук транспорт айдоочулардын маданиятсыздыгы.

Маданиятсыздык эмей эмине, айрымдарынын колунан уюлдук сотка түшпөйт. Салонду жаңыртып: “Гагарин-Чапаевде “козёлдор” турат” деп бакылдаганда, Гагарин менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол коопсуздугун сактаган милиция кызматкерлери турганын айттырбай түшүнөсүң. Маанайы жакшы болсо, автоинспекторлорду “менттер” деп тергейт, ачуусу келгенде “шакалдар” дейт түз эле. Алар маршруткага түшкөн кары-картаңдарга да ороңдойт. Таң эрте түшсөң: “саат 9 боло элек, 10 сом төлө” дейт, төлөбөй кое тургансып. Мектеп окуучуларын кагып-силккендеричи? Айтор, айдоочулардын жоругу жолдо калсын. Антип жеке маданияты жоктугу аз келгенсип, маршруткаларын мас адамдай айдашат.

Маршруткалардын айдоочулары бензин 50 тыйынга кымбаттаса эле, иш таштап же болбосо жол кирени кымбаттатуу талабын кое башташат. Ошол эле учурда, маршруткалардын ичин карагылачы, айрымдарынын атканадан айырмасы жок. Ичине отурсаң, ыш жыттанат, бир аз айдаса бензин сасыйт. Ичинин кирин айтпа, отургучтарындагы жабууларынын баары капкара, эми ошону бир айда бир жууп койсо болот да. Бир сөз менен айтканда, тейлөө маданияты жок. Булар мына ошол бизге окшогон жүргүнчүлөрдүн эсебинен акча таап, үй-бүлөсүн багып жатканын түшүнбөйт көрүнөт.

Бишкектин жолдорундагы авариялык кырдаалды жараткандардын дээрлик баары да ошолор. Киев менен Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманы карагылачы, дайыма тыгылыш. Маршруткалар автобус, троллейбустарга орун бошотпой, токтогон ордунда, экинчи катарда тура берет. Алар үчүн жол коопсуздугу эмес, акча жогору. Айдоочулар акча дегенде баарына даяр экенин көргөндө жаныңан түңүлөсүң. Ушундан улам, жол коопсуздук тартибин бузгандарга жазаны күчөтүү керек деп эсептейм. Жол эрежесин бузган айдоочулар 5 жылдан 10 жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыроого тийиш. Ошондо гана шаар жолдорундагы маршруткаларды “мас” айдоочулар башкарбай калышат.

Абдылда УМАРОВ, Бишкек шары