Абийир чегинен аша чапкан уурулар

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”


Биздин редакциябызга алыскы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы 1-Май айыл аймагындагы Айры-Там айылынын жашоочулары Айзада Артыкова, Досалы Балтабаев, Жамалбек Мамадалиев, Рахматилла Наркулов, Тагайбек Шабданов өтүнүч менен кайрылышып, мыйзамдуу укуктары тебеленип жаткандыгын айтышты. Катуу кейишке баткан замандаштарыбыздын кандай абалга кептелгендигин жалпы окурмандарыбыз менен бирге бөлүшүп, алардын талкуусуна коёлу деген максатта жарыялоону чечтик.

2014-жылы декабрь айында райондун 1-Май айыл аймагына караштуу Айры-Там айылынан 18 баш бодо мал жоголот. Ушул жоголгон бодо малдын бешөөсү айылдын жашоочусу Айзада Артыковага, бирөөсү Досалы Балтабаевге, дагы бешөөсү Жамалбек Мамадалиевге, экөөсү Рахматилла Наркуловго, төртөөсү Тагайбек Шабдановго тиешелүү болчу. Ага чейин да айыл арасында бирин-серин жандыктар жоголуп, малын жоготкон адамдар адал оокатын колдон алдырышып, чырылдаган боюнча белгисиз ууру-зөөкүрлөрдү каргапшилеп кала беришчү экен. Ууру-кески кичине эле ээн калган оокат-мүлктү, мал-жанды колдон талашып, биринчимайлык жашоочулардын тынчы кетип, айыл арасынын үрөйлөрү учуп турар эле. Анан минтип бир түндө ушунча малдан айрылып, кол жууп калышкан айылдаштар бар ырыскысынан ажырап, асыл ой-максаттарынан дагы айрылып калышкансыды.

Ала-Бука аймагы ызы-чуу болуп эле, уурулардын сары изине түшкөн милиция кызматкерлери дагы өзгөчө режимде иштеп жатышты. 2014-жылы Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери зор изденүүлөрдүн натыйжасында уюшкан мал уурулардын бетин ачып, эл алдында алардын кылмыштарын ашкере кылышкан. Бел оорутуп, кол жоорутуп отурбай эле оңой олжого ээ болууну каалаган эргулдар ушул эле айылдын тургундары Манас Каракойчиев, Курбонали Шайназаров, жашы жете элек өспүрүм 1999-жылы туулган Алыбек уулу Стамбек болуп чыгышат. Өз айылдаштарынын, тууган-туушкандарынын короосуна кол салышып, уурулукка барышкан бул жарандар алгач уурулукка шектүү катары суракка алынганда жасаган кылмыштарын толугу менен айтып беришип, моюндарына алышат. Айыпкерлер М.Каракойчиев менен К.Шайназаровду Ала-Бука райондук соту баш коргоо чарасын өзгөртүп, эки айга убактылуу кармоочу жайга бекитишет. Ал эми жашы жете элек өспүрүм Алыбек уулу Стамбек өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн, мугалиминин, жашы жете элек балдарды коргоо бөлүмүнүн адисинин, жактоочусунун катышуусунда сурак берип, жасалган кылмыштарды толугу менен айтып берген.

2015-жылы 20-май күнү айыпкерлер М.Каракойчиев менен К.Шайназаровду Ала-Бука райондук соту баш коргоо чарасын өзгөртүп, аларды үй камагына чыгарат. Ошол күндөн тартып уурукылмышкерлер ошол мезгилге чейин айтып келген көрсөтмөлөрүн бурмалашып, күнөөлөрүн моюнуна албай башташат. Ар кандай шылтоолорду айтышып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин миң алакетке салышат. Ошентип узакка созулган тергөө процесстеринен кийин 2017-жылдын 6-январында мал ууруларга карата сот өкүмү чыгат. Крнын КЖКсынын 165-беренесинин 2-3-бөлүмдөрүнүн негизинде кылмыш иштери козголуп, айыпкерлер М.Каракойчиев менен К.Шайназаровго 9 жылдан абакка кесилишсе, жаш өспүрүм Алыбек уулу Стамбек 6 жылга шарттуу соттолот.

Айыпкерлер Ала-Бука райондук сотунун өкүмүнө нааразы болуп, Жалал-Абад облустук сотуна кайрылышкан экен, бирок облустук сот алардын арыздарын карап чыгып, райондук соттун өкүмүн өз күчүндө калтырышкан. “Ууру-тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” — демекчи, жогоруда аталган кылмыш ишине чекит коюлуп, сот өкүмү чыкса дагы, жабырлануучулардын жоготкон ыгым-чыгымдарын калыбына келтирүү иштери аткарыла элек. Бир заматта ак малдарынан кол жууп калышкан жабырлануучулар Чубактын кунундай чубалжыган ушул кылмыш ишинин маңызы жок экендигин айтышып, ичтеги армандары аттын башындай. Жабырлануучулардын арасындагы Шабданов Тагайбек аксакалдын жашы 80ден эбак өткөн. “Мен эми кандай айла кылаарымды билбейм. Эл алдында абийирлери аштай төгүлгөн уурулардын сот жообунан кутулуу үчүн жасаган ар кандай айла-амалдарын угуп, ошого чыдап отуруу кордук болду. Минтип төрүмдөн көрүм жакын болуп турган маалда адал эмгегимдин акыбетин көрбөй, анын азабын тартып, жашоодо кыйналуу эң оор экен”, – дейт аксакалыбыз.

18 бодо малды бир түндө уурдап кетишкен эргулдар, аларды Өзбекстан мамлекетинде жашап уурулук менен шугулданган “кесиптештерине” өткөрүп беришкен. Кошуна мамлекетте алардын ууру-кески “кесиптештери” дагы кармалып, мыйзам чегинде жоопко тартылышкан. Карапайым адамдардын адал малына суук колдорун салып, бир заматта жок кылышып, алардын моралдык, материалдык жактан жабырлануусуна алып келишкен айыпкерлер качан, кантип алардын чыгымдарын калыбына келтирише тургандыгы жана абийирлеринин, ыймандарынын алдында тик карай тургандыгы табышмак бойдон.

Айзада АРТЫКОВА, жабырлануучу:

– 2014-жылдын декабрь айынын 2синен 3үнө караган түнү 5 уюмду ууруларга уурдатып алдым. Андан бери 3 жылдын жүзү болду. Бизге келтирилген материалдык чыгымдарды четинен калыбына келтирүү боюнча сот өкүмү дагы чыккан. Бирок ал аткарылган жок. Биз 3 жылдан бери жоготкон материалдык чыгымдарыбызды четинен болсо дагы өндүрүп алуу үчүн чуркап жүрөбүз. Андан бери биздин райондо 4 жолу соттун жетекчиси алмашты. Ушул тапта иштеп жаткан Гүлнара Кожобекова биздин ишибизди аягына чыгып берди. Ичпей-жебей бирди эки кылалы деп тырышып жүрүп малыбызды ууруларга алдырдык. Эми ушул 3 жылдан бери акыйкаттын аягына чыгалы деп улам-улам сотко бара берип атып деле 50 миңден ашуун сом жок кылдык. Айлабыз кетип ар кайсы банктардан насыяларды алып, төлөйбүз. Ушул май айынын аягында Жогорку Сотто дагы ушул иш каралганы жатат. Ушул район борборуна араң жетип жатабыз, Бишкекке кайдан бармак элек? “Уурусу күчтүү болсо, ээси айыпка жыгылат” – демекчи, биз чарчап бүттүк. Уурулар тымызын ар кимдикин уурдап жүрүп, каражатты мол топтоп алган окшойт, учурда дагы деле суудан кургак чыгып, сот жообунан кутулуу үчүн акчаларын аябай чачып жатышат. Алгачкы соттук териштирүүлөрдөн бери эле бизди басынтуу менен алек болуп келе жатышат. Жабырлануучулардан мен жана Жамалбек Мамадалиев экөөбүз токмок дагы жедик. “Акпыз-тазабыз” – деп эле жанталашышат. Уурулар алгач жасаган кылмыштарын мойнуна алышып, “ит болдук, төлөп беребиз” – дешип эл алдында убадаларын беришкен. Анан алар өздөрүнүн адвокаттарынын куру убадаларына азгырылышып, көрсөтмөлөрүн өзгөртүшүүдө. Адвокаттарга соттук териштирүүнүн узактыгы, ошол мезгилдеги төлөнчү гонорары эле кызыктырат эмеспи. Биз сот өкүмүнүн аткарылышын талап кылабыз.

Досалы БАЛТАБАЕВ, жабырлануучу:

– Мен дагы уюмду ошол күнү жоготтум. Бул уурулар баш-аягы болуп, бир түнү 19 кара малды жалмап тынышты. Жасаган уурулуктарын моюндарына алышып, төлөп берүүгө макулдуктарын беришкен. Айыпкерлер М.Каракойчиев менен К.Шайназаров учурда акчаларын чачып, актануу менен алек. Милициялардын көрсөткөн басымы менен мойнубузга алганбыз дегени күйдүрүп жатпайбы. Мына 3 жылдан бери сот бүтпөйт же төлөп беришпейт. Толгон-токой каражаттарыбыз кетти.

Эми эртең Жогорку Сотко баруу үчүн чамабыз жок. Ошентип Айры-Там айылынын карапайым адамдарынын короолоруна уурулар суук кол салганындан бери 3 жылдын жүзү болуп бара жатат. Соттук териштирүүлөр создуктурууда. Жашоо кыйынчылыгы ар тараптан кыстаган айылдыктар жакшылыктан үмүт үзбөй, материалдык чыгымдарын кайтарып ала тургандыктарына ишенишет Азыркы күндө айыпкерлер акчаларын тутамдашып, айыл арасында: “Жогорку соттун жыйынтыгында биз тарапка чечип беришет. Анткени ал жактан тааныштарыбызды таап сүйлөшүп койдук”, – деп ооздорун көптүрүп, айтып жатышкандарын жабырлануучулар айтып беришти. Адал оокаттарынан, ак малынан кол жууган карапайым элеттиктер: “Райондук жана облустук соттор айылдаш ууруларга карата акыйкат жыйынтык чыгарып беришти, эми Жогорку сотто дагы бул иштин акыйкат чечиле тургандыгына ишенебиз”, – дешет.