Тармактык комитет өкмөттүн бюджет боюнча долбоорун жактырды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору каралды.

Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирген маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады.

Комитеттин кеңейтилген жыйыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда суроо-жооп иретинде өттү.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү жана 2019-жылга карата бюджеттин долбоорун жактыруу чечими кабыл алынып, эки мыйзам тең Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.