Кечиргиле, Ала Тоонун гүлдөрү, өсүмдүктөр дүйнөсү

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу»


Нарын шаарынын тургуну Алыбек Орозакунов соңку 9 жылдан бери бал өндүрүү менен алектенет. Ал алгач 800 кг бал алса, өткөн жылга карата 3 тоннага чейин жеткен. Бирок жеке ишкердин баамында Кыргызстандын, анын ичинен Нарын жергесинин балы эл аралык алкакта «Эң мыкты бал» деген макамга ээ болуп жаткандыгы менен чет өлкөлүк рынокто өз баасын ала албай, экономикалык жактан энтигип турган кербезде кала берүүдө.

– Дүйнөлүк балчылар конгресси бар. Ал ар кайсы мамлекеттердин балына баа берип, көргөзмөлөрдү өткөрүп турат. 2013-жылы Украинада, 2015-жылы Түркияда өткөн эл аралык көргөзмөдө Нарындан барган бал «Эң мыкты бал» деп табылып, биринчи орундуээлеп, алтын медаль менен сыйланган. Демек бизде бал өндүрүүнү дагы көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр  бар.  Бирок  эң  биринчи бизде мамлекеттик бюрократия жоюлса болот эле. Өкмөт балды экспортко чыгарганга көмөк көрсөтсө, ал үчүн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү лабораторияларды куруп беришсе демекчибиз. Себеби биздеги эң башкы көйгөй – бул балды сатуу кыйынчылыгы.

Кыргыз эли болсо балга маани деле беришпейт. Мисалы бир кило эт 300 сом дейли. Андан 2 жолу тамак жасалат. Ал эми бир кило балды 300 сомго алса, аны бир ай кенен жешет. А балда болсо адамдын организмине керектүү витаминдер, микроэлементтер бар. Ошондуктан бал биздин баа менен алганда мисалы Японияда килосу 2 миң сомго сатылат экен, – дейт облустук «Нарын-Уюк» коомдук бирикмесинин жетекчиси Алыбек Орозакунов.

Ошентип элүүдөй балчы бир уюмга биригишип арабасын кылдыратып келишүүдө. Алар ала жаздан күзгө чейин бир нече жолу конуш которушат экен. Маселен жазында Чүйгө, анан Нарын районунун аймагына, кийин Ат-Башыга. Балчылардын бирикме жетекчиси айтмакчы мамлекет тарабынан анча-мынча эле шарт түзүлсө, болочокто жүздөгөн жумуш орундары түзүлмөк. Экинчиден, эспарцеттин жана тоо чөптөрүнүн түшүмдүүлүгү да көбөймөк.

–  Биз  эспарцеттери  коюу  талааларды таңдайбыз. Көчүп баралы десек, үлүш жердин ээлери акча төлөгүлө дешет. Айла жок бал берип, өз ара соодалашабыз. Бирок түшүмдүүлүк 30 пайызга чейин көбөйөөрүн түшүнүшпөйт. Белгилүү болгондой аарылар чаңдаштырат да, – дейт каарманыбыз.

2005-жылы Кыргызстанда 73 миңден ашык бал челек бар деген маалымат келтирилиптир. Андан бери бул маанилүү тармак 10 пайызга көбөйдү десек 80 миң бал челек болгондур. Орточо биздин өлкөнүн шартында ар уюктан өнөктүктө 30-50 кг бал алынат деп эсептелет. Орточо 40 кг деп чен өлчөм менен алсак, бир жылда болжолу 3200 тонна бал өндүрүлөт экен. Бул көрсөткүч кечээки доордогу бал өндүрүүнүн 0,4 гана пайызын түзөт.

Анткени Кыргыз ССРи бал өндүрүү боюнча СССРде РСФСР жана Украинадан кийинки 3-орунду ээлеп, 1981-жылы мамлекетке 762 миң тонна бал сатыптыр. Жыйынтыгында  жөнөкөй  эле  мисал. Союз учурунда жогорудагы бал сатуунун көлөмү азыркы биздин өлкөдө жок дегенде эле 11 пайызга жеткирилсе, 83,6 миң тонна (83,6 млн. кг) бал өндүрүлмөк. Анын 80 млн. килосун сыртка экспорттосок, Кыргызстанга канча сом түшмөк? Нарында балдын килосу 300, Жапонияда 2 миң сом экен. Орточосун алсак 1150 сом. Ошондо 92 000 000 000 сом кирешеден куру жалак калууда экенбиз. Ал эми ушул 92 миллиард сомдун канчасы салыкка жана социалдык фондго ж.б. төлөмдөргө түшмөк,  аны  тишелүү  адистер  эсептеп беришсин.