Манас кайсы доордо жашаган?

«Манас» эпосунун алгачкы башаты, пайда болушу, тарыхый жактан өнүгүшү жөнүндө канчалаган залкар окумуштуулар жазып келди. Алсак, алгачкылардан болуп М.Ауэзов «Манас» эпосунун алгачкы уюткусу катары кыргыздардын 840-жылдагы уйгурлардын жеңишин эсептейт. «Манас» эпосун изилдеп үйрөнүүгө өмүрүнүн көбүн арнаган окумуштуулардын бири, академик Б.Юнусалиев эпостун пайда болуу доорун IX-XI кылымдардагы кыргыздардын кара кытайлар менен кагылышына байланыштырат.

Атактуу  фольклорист  Б.Жирмунский  «Введение  изучение эпоса «Манас» деген эмгегинде эпостун өнүгүшүндө үч мезгилдик катмар жатка-нын белгилейт:

  1. Жомоктук, мифтик  катмар  (VIXIV кк).
  2. Калмактарга каршы  күрөшкөн реалдуу тарыхый фондогу катмар (XVXVII кк.).
  3. Эпоско мусулман дининин таасир тийгизе баштаган мезгили (XVII кылымдан бери карай).

Манастаануучу Э.Абдылдаев «Манас» эпосу менен алтайлыктардын баатырдык поэмаларынын эпикалык катышы» деген эмгегинде эпостун катмарланууларын  Б.Жирмунскийдикине  жакын бөлүштүргөн менен дата жагынан бир кыйла айырмаланат.

Ошентип, «Манас» эпосунун адеп пайда болуу доору, мезгили жөнүндө илимпоздор ортосунда эки көз караш бар. Биринчилери (В.В.Радлов П.Н.Берков, В.М.Жирмунский, Э.Абдылдаев) «Манас» эпосу кыргыздар Түштүк Сибир тарапта алтай элдери менен бирге жашаган мезгилдерде жомоктук (фантастикалык), мифтик эпостордон алгачкы башатын алган десе, экинчилери (Ч.Ч.Валиханов, М.П.Ауэзов, А.Н.Бернштам, А.Х.Маргулан, Б.М.Юну-салиев ж.б.) эпостун чыгышына тарыхый окуялар түрткү болгон дешет.

Эпосто  мифтик  күчтөргө  каршы күрөшүү тибиндеги баатырдык жомок катары эл оозундагы имиштер, башка байыркы эпостордогу айтымдар да кирген. Бирок кыргыз элинин өз жерин талоончул баскынчылардан, ички душмандардан коргоп келген баатырдын күрөшү анын өзөгүн түзгөн. Илгерки жыргал турмушка жеткирген баатырлары айыгышкан согушта каза болуп, эми азапка түшүп, оор запкы жеген эл абалын кийинки муундарга алгач жомок, кошок кылып ооздон-оозго айтып, үн кошуп ыйлап кайгырган. XIII кы-лымдарда жашаган көркөм сөз өнөрүнүн залкарлары, акындар Токтогул, Толубай, Асанкайгы, Жээренче чечен, Кетбука элдин муңун ырдап өтүшкөн. Алар алгачкылардан болуп, элдин оор турмушун, элдик баатырлардын үйлөнүшүн ырга кошуп, поэтикалык саптарды жаратса да, бизге жетпей калышы ыктымал.

Биздин пикирибизче, тарыхый жактан кыргыз элинин бактысы, жашоосу үчүн өз жерине талыкпай кызмат кылган баатырларын даңазалап айткан жомоктор (XIV-XVI кк.) эл оозунда айтылып келген болсо, алгачкы «Манас» эпосун айтуучулар тарабынан тарыхый уламыштардын негизинде азыркы салттык сюжет калыптанган. Эпостун негизги өзөктүк эпизоддорунун туруктуу абалга келишине ылакап аты менен белгилүү болгон Ырамандын ырчы уулу, Жайсаң ырчы менен Токтогул ырчы, Келдибек, Балык, Музооке, Айтыке, Тыныбек таасир бериши мүмкүн.

Ал эми эпостун ички көркөмдүк касиеттеринин  дагы  тереңдеп  өнүгүшү, айрым сюжеттик өзөккө, традициялык мүнөзгө ээ эмес жомоктор, болумуштар, ислам динине байланыштуу катмарлардын киргизилиши XVIII-XIX жана ХХ кылымдын баш жагына таандык деген ой бар.

«Манас»  эпосунун  ономастикасын изилдөөдө жолуккан алгачкы айтуучулар – Токтогул, Толубай, Жээренче чечен, Асанкайгы ж.б. XIII кылымда жашаган адамдар болсо, «Манас» эпосундагы сюжеттик өнүгүүдөгү ага карама-каршы идеяны тутуп согушкан кас душмандар «Маджму ат-таварих» («Тарыхтын жый-ындысы») аттуу эмгекте, тарыхый маалыматтарда бар, реалдуу жашаган адамдар. Жамгырчы, Пулад, Жолой, Сарай Мамай, Алооке, Эсенкан, Горхан Алооке-Кара-Элакулар да XII-XIII кылымдарга таандык экендиги окумуштуулардын ой-пикирлери менен такталууда.

Манас тарабындагы элин жерин кор-гогондор: Ногой, Жамгырчы, Муса XII – XIV кылымдарда жашаган адамдар.

Токтогул  ырчынын  мезгилинде өмүр сүрүп хандык кылгандар: Жаныбек хан – 1357-1342-жылдары, Өзүбек хан   1342-жылдары  Бердибек  хан 1357-1358-жылдары,  Амир  Темир 1336-1405-жылдары. XIV-кылымда Караханга окшогон хандардын учурунда Токтогул алардын ырчысы болгон, мезгилдеш жашаган.

Омор  Сооронов  «Манас»  эпосуна канча кылым мурунку жомоктор, мифтер тарыхый окуялар кошулганына карабастан, анын пайда болуу доору XII кылымдан кийинки мезгилде болсо керек деп жазган. Ошондой эле Белек Солтоноевдин билдирүүсүндө, катаган элинин ханы Кошой жана Шоорук хан (Чыңгыз хандын Шахрук деген баласы) чама менен 1377-1447-жылдары жашаган, анын Акылай деген кызы да эпосто айтылат. Эпосто Кошой Манастын замандашы, жолдошу болгон.

Толкун Айталиеванын пикиринде, Манас Темирлан өлгөндө 17 жаштагы баатыр болгон.»Академиянын Манас секторунда өмүр бою иштеген Э.Абдылдаевдин Манас жашап өткөн доор беш-алты кылым мурда б.а., XIV кылымга туура келет деген пикирин окумуштуу Касымбек Сейдахматов, чыгаан тарыхчы Өмүрбек Караев да колдойт» – дейт О.Сооронов.

Айрыкча, Ө.Караевдин «Заман Кыргызстан» гезитинде «Манас – тарыхый инсан» деген темадагы 1994-жылы жарык көргөн үч макаласы жарык көрдү. Биз дагы көптөгөн илимий, тарыхый адабияттар аркылуу Манастын кайсы доор-до жашаганын тастыктоого аракеттендик.

Колдо бар тарыхый маалыматтарга таянып, биз, Манас 1350-1450-жылдары жашаган, душмандарга каршы элин, жерин коргогон кыргыздын баатыры, мекенчил тарыхый инсан, – деген божомол ой ко-рутундусуна келдик.

Жумакадыр ДҮЙШЕЕВ, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор