Тармактык комитет Өзбекстандагы элчи кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кызматына Тышкы иштер министрлиги тарабынан сунушталган Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырды.

Азыркы учурда Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын ээлеп келет. Ал бул кызматта 2014-жылдын сентябрь айынан бери.

Буга чейинки КРнын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков 2018-жылдын март айында КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.