Актер Нуртилек ЖАПАРОВ:  «Чыныгы сүйгөн кызымды кинодогу ата-энем кудалаган кызга тааныштырдым»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Нуртилек, режиссер Сүйүн Откеев тарткан, сен башкы ролдо ойногон “Эл укпасын” аттуу көркөм тасма учурда көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратып, “жакшы кино болуптур” деген баалар айтылууда. Бир мүнөз, абдан токтоо, оңой менен кыз жактырбаган жигиттин – Дастандын ролун жаратуу кыйынга турбадыбы?

– Бул багытта, актерлук чеберчиликте биз төрт жыл билим албадыкпы. Эгерде образды жакшы жарата алган болсом, анда ал окуткан мугалимдерибиздин эмгеги. Окутуучуларыбыздан билинбей эле көп нерсе алыппыз. Кыйынчылык деле болгон жок. Анын үстүнө, турмушта кандай болсом, кинодо деле ошондой образга туш келдим. Өзүмдүөзүм эле ойноп салгансыдым. Анткени, Дастандын мүнөзү да менин мүнөзүмө окшош экен. Атүгүл текстти деле жаттаган жокмун.

Биз сыймыктанчу мекендешибиз…

– Ал эми Жамилянын образын алып чыккан кызчы? Экөөңөр мурдатан тааныш белеңер? Чыныгы турмуштагы бири-бириңе болгон мамилеңер кандай?

– Таазим Үмөталиева менен буга чейин бир-эки жолу көрүшкөм. Биринчиси, студенттер аралык фестивалда. Анда ал “Жылдыз бала” деген чыгармада баланын ролун ойногон. Кийин Имаш Ажыкулов деген досум фото сессия уюштуруп, чакырган. Таазим да келген экен, ошол жерден көргөм.

– Кинодо экөөңдү бала чагыңардан ата-энеңер кудалап койгон болот. Кийин бири-бириңерге кыр көрсөтүп, сен аны спортсмен болгону үчүн жактырбай жүрүп акыры тил табышат эмессиңерби. Экөөңөрдүн съемканын сыртындагы мамилеңер кандай болду? Образга кирип алып, чындап эле урушуп кеткен учурлар болгон жокпу?

– Урушуп кеткен учурларыбыз болду. Ал кичинекей кыз да. Менден алты жаш кичүү. Ошого карабай, мени көргөндөн эле “сен” дей баштады да. “Мейли, образга кирип жатат” дедим. Ошондой “дерский” кыздын образын жаратат да. Бирок тасма тартуунун соңунда улам каратэ көрсөтө бергенинен акырын колун кайрып, ага катары сес көрсөтүп койдум…

– Таазим чыны менен эле каратэ менен машыккан кызбы?

– Сууда сүзүү боюнча машыгып жүргөнүн уккам. Тасмага тартылуу убагында атайын тренердин жардамы болду.

– Киного тартылып жүргөндө анын жигити же сенин сүйлөшкөн кызың кызганган, таарынган учурлар болгон жокпу?

– Жок. Кызганган жок. Сүйлөшкөн кызым кинонун бетачарында эле барды. Таазим менен тааныштырдым. Апам да келген. Таазим апам менен: “Кинодогу келиниңиз болом”, – деп таанышыптыр.

– Режиссер, актерлор менен пикир келишпестиктер же, тескерисинче, өтө жакын ымалада болуп калуу учурлары болгон жокпу?

Ильяс БАТЫРБЕКОВ: “Максаттарымды сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көргөзгүм келет”

– Кээде кимисин угарымды билбей калып жаттым. Режиссер башканы айтса, Мурат байке (М.Мамбетов, кинодо Дастандын атасы – ред.) менен Асылбек байке (А.Өзүбеков, кинодо Жамилянын атасы – ред.) башканы айткан учурлар боло калып жатты. “Ай, бала, текст менен иште!” – дейт Мурат байке. “Жок, өз сөзүң менен айт!” – дейт режиссер.

– Өзүң окууну бүтүп жатасың, андан аркы пландарың кандай?

– Буюрса, режиссерлукту кошо аркалап кетем го. Кыска метраждуу фильмдерди жараткым келет. Буга чейин бир кыска метраждуу кино тарткам, монтажы бүтпөй жатат.

– Бул кесипти кантип тандап алгансың?

– Мектепте окуп жүргөндө драм кружокторго катышып, рэп ырдап жүргөнүм менен, тиш доктур болгум келчү. Анткени, биринчиден, таза жумуш. Экинчиден, айтышчу: “Жакшы табасың” – деп. Бирок, ОРТнын балы жетпей калып, медакадемияга өтпөй калгам. Анан курулушта иштеп калдым. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин имаратынын жанында иштечүбүз. Билчү эмесмин. Бир күнү: “Бул эмне имарат?” – десем, жанымдагылар анын окуу жай экенин айтып калышты. Кызыгып, сураштырсам, регистрациянын акыркы күнү экен. Дароо эле документ толтуруп, чуркадым. Кечинде алтыга чейин үлгүрүп калдым. Эртеси ондо экзаменге кирмекмин. Манастын башкы корпусунда турам. Көрсө, мен БГУнун корпусуна бармак экемин. Чымын-куюн болуп жөнөдүм. Мына-мына башталганы туруптур. Жетишип, өтүп кеттим, апама сүйүнчүлөдүм. Апам кошуналарына сүйүнчүлөптүр. Бирок шашып кетипмин, актер болуш үчүн дагы үч экзамен тапшырыш керек экен. Апамды уят кылбайын деп анан абдан катуу даярдандым. Биринчи, экинчи экзамендерден өттүм. Үчүнчүсүнөн кичине кыйналып калдым. Сыртка чыгып, эч кимге көрсөтпөй ыйлап да алдым. Кайра келсем, Азамат деген досум: “Сен өтүпсүң!” – деп кыйкырып ийип жатпайбы. Өзү өтпөй калган экен. Бирок баары бир чогуу сүйүндүк.

– Ак жол каалайбыз, Нуртилек. Кыргыз искусствосуна салым кошкон мыкты актер-режиссер болушуңа тилектешпиз.

One thought on “Актер Нуртилек ЖАПАРОВ:  «Чыныгы сүйгөн кызымды кинодогу ата-энем кудалаган кызга тааныштырдым»

Комментарии закрыты.