Асыл – таштан, акыл – жаштан

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Кечээ “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жаштар күнүнө арналган Кыргызстандын жаштар конгресси өтүп, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан активдүү жана демилгечи топтордун өкүлдөрү, тактап айтканда 140тан ашуун делегат чогулду. Конгресстин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышкан расмий бөлүгүндө “2017-2020-жылдарга карата жаштардын саясатын өнүктүрүү” өкмөттүк программасынын тегерегиндеги маселелер каралды.

Жаш активисттер жана демилгелүү ишкерлер, мыкты долбоорлордун авторлору – “Айыл чарбадагы инновациялар” долбоору менен Тилек Токтогазиев, “Ош шаарынын калкынын кайрылууларынын онлайн картасы” долбоору менен Акылбек кызы Назгүл, “Башкаруулардын улуттук корпусу” долбоору менен Тилебалды уулу Элийзар, “Ачык асман” демилгеси, экология боюнча долбоору менен Эрмек Адылбеков, “Социалдык ишкерлик аркылуу социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү” долбоору менен Наргиза Эркебекова конгресстин катышуучуларына долбоорлору жөнүндө, өз командасы менен ишке ашырган ийгиликтери, чечүүгө аргасыз болгон көйгөйлөрү тууралуу бөлүшүп, өлкө башчыга өз сунуштарын айтышты.

Тилек Токтогазиев маалым кылгандай, ал санаалаштары менен бирге өлкөнүн айыл чарбасынын деңгээлин көтөрүү жана Кыргызстандын өндүрүшүн инновациялык ыкмалардын жолу менен экспортко чыгаруу максатында “Жашыл чарба” долбоорун баштаган.

Албетте, идея башталгандан кийин дароо эле ийгиликке жетише калган эмес, тажрыйбасыздыктан канчалаган убаракерчиликтер болгон, 15 мил лион сомдук жоготууларды башынан өткөргөн. “Бирок биз токтоткон жокпуз. Биз агрардык тармагы өнүккөн чет өлкөлөргө чыгып, алардын тажрыйбасын үйрөндүк. Андан соң көргөндөрүбүздү өз  айылдарыбызга  алып  келдик”,  —  дейт Т.Токтогазиев.

“Бүгүнкү күнгө карата “Жашыл чарба” долбоору дыйкандарга мөмө-жемиштерди күнөсканада өстүрүүгө жана интенсивдүү багбанчылыкты өздөштүрүүгө жардам берген 200 активист тарабынан ишке ашырылууда. Жетишилген ийгиликтерге карабастан, айыл чарба тармагындагы көйгөйлөр көп. Алардын негизгилеринин бири – төмөнкү сапаттагы контрафактылык жер семирткичтер. Алар дыйкандар күткөндөй натыйжа бере албайт жана топуракка зыян алып келиши да мүмкүн. Андыктан, биз бул маселени сыналган европалык компаниялар менен кызматташуу жолу аркылуу чечүүнү сунуштайбыз”, — деп кошумчалады Токтогазиев.

Ал европалык ишкерлер Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө кызыкдар экенин жана бул иште чоң келечекти көрөрүн баса белгиледи. Анын айтымында, аларды бюрократиялык процесстер жана өз долбоору менен жергиликтүү рынокко кирүү кыйынчылыктары түртүп турат. “Кытайдын керекке жарабай калган, ыргытууга мажбур болгон жер семирткичтерин өтө арзан баада алып келип, сатышууда”, — дейт ал.

Андан сырткары, Токтогазиев кыргызстандык дыйкандарга башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн өзүнүн өндүрүшүнүн бренди тууралуу ойлонууга убакыт келгенин эскертти. Ал эми “Ачык асман” долбоорунун автору Эрмек Адылбеков экологиялык булгануу глобалдуу көйгөйгө айланып баратканын жана ушунун кесепетинен адам баласынын өлүм-жи тими көбөйүп жатканын дүйнөлүк статистика тастыктаганын Индиянын жана Кыргызстандын мисалында айтты.

“Биз туристтерге интернет булактары аркылуу өзүбүздүн эң кооз, таза жерлерибизди көрсөтүп, кызыктыргыбыз келет. А чынында экологиябыз абдан бузулган. Мисалы, учакта баратып караганда Бишкектин үстүн боз чаң каптап турат, чаңдын астынан бак-даракты да, заңгыраган үйлөрдү да көрүүгө мүмкүн эмес. Бул көйгөйдөн кутулууну каражатка шылтоо анча деле акылга сыйбагандык, ал тек гана шылтоо. Каражат жумшоодон мурда биз аң-сезим ресурстарын оңдообуз керек. Ар бир адам жаратылышты, айлана-тегеректи, экологияны таза сактоодо жекече иш алып барып, ойлонуусу зарыл. Ошондой эле түтүндү көп иштетип чыгуучу бузук автоунааларды азайтып, солярка менен жүрүүчү жана чоң, кымбат машинелердин салыгын көбөйтүү керек”, — дейт ал. Ошондой эле ал сырттан келген жаңы машинелердин бажы төлөмү көп экенине кошулбастыгын айтты. “Тескерисинче, Кыргызстанга жаңы автоунааларды алып келүүгө шарт түзүп, бажы төлөмүн азайтуу, эски авто унааларды киргизүүнүн бажы акысын көбөйтүп, экологияны сактоого өбөлгө түзүүбүз керек”, — дейт.

Ал эми “Ош шаарынын калкынын кайрылууларынын онлайн картасы” долбоору менен Акылбек кызы Назгүл коррупцияны азайтууга боло турганын кеп кылды.

Наргиза Эркебекова социалдык көйгөйлөр дү чечмейин экономиканы оңдоого мүмкүн эместигине токтолсо, Тилебалды уулу Элийзар мамлекетти жаңыча, коррупциясыз башкаруунун жолдору тууралуу оюн айтты.

Өлкө Президенти С.Жээнбеков конгресстин катышуучуларын жана жалпы жаштарды Жаштар күнү майрамы менен куттуктап, жогоруда видео-тасмалар аркылуу көрсөтүлгөн долбоорлордун канчалык актуалдуулугуна жана натыйжалуулугуна ынанып, жаштарга ыраазы болгонун айтты.

Президент, айрыкча, Тилек Токтогазиевдин күнөсканалар тууралуу иштери, демилге-сунуштары колдоого аларлык экенине токтолду. “Туура айтасың, биз Кыргызстанды айыл чарбасын өнүктүрүү менен алдыга жылдыра алабыз. Бош жаткан талааларга Күнөскана шаарчасын уюштуруп, сапаттуу жана экологиялык таза жашылча-жемиштерди өстүрүп, сыртка экспорттоо тууралуу эң туура маселе көтөрдүң. Мындай жаштарды, мындай иштер-ди колдоого алуубуз керек”, — деди Президент.

Ошондой эле Президент экология тууралуу, онлайн башкаруу, ж.б. башка долбоорлорго да токтолуп, баа берип, жалпы жаштарга ийгилик каалады жана жаштардан дагы да сунуштарды күтөөрүн, мыкты сунуш-долбоорлор сөзсүз колдоого алынарын билдирди .