Миграциялык өзгөчө жеңилдиктер…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин ортосундагы жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу алкагында, Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринин катышуусу менен өткөн жумушчу кеңешменин жүрүшүндө, россиялык тарап Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы жарандарына карата өзгөчө жеңилдиктер бериле турганын кабарлады.

Алардын ичинде Россия Федерациясынын территориясына кирүүгө тыюу салынган жактарды “кара тизмеден” чыгаруу, Россия Федерациясында ал өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүрүшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү маселелери бар.

2018-жылдын ноябрынан баштап, Россия Федерациясынын компетенттүү органдары “Россия Федерациясына кирүүнүн жана Россия Федерациясынан чыгуунун тартиби жөнүндө” (№114-Ф3) РФнын федералдык мыйзамынын 26-беренесинин 4-8-пункттарына ылайык, РФга кирүүгө тыюу салган Кыргыз Республикасынын жарандарына карата салынган тыюну алып салуу ниети бар.

Ага ылайык, Россия Федерациясында болгон учурунда убактылуу жүрүү мөөнөтү бүткөндөн 30 сутка ичинде чыгып кетпеген, бир нече ирет административдик жоопкер-чиликке тартылган (ФМ №114 26-б. 4-п.) Кыргыз Республикасынын жарандары “кара тизмеден” алынып салынат.

Жыйынтыктап айтканда, Россия Федерациясынын федералдык мыйзамынын жогоруда көрсөтүлгөн пункттары боюнча кире алышпаган Кыргыз Республикасынын жарандары 2018-жылдын ноябрынан баштап, Россиянын аймагына кире алышат. Белгилеп кетчү нерсе, болгону РФ ИИМ сайтындагы маалыматтан өзүнүн кире алар же ки-ре албасын тактап коюшу керек.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-июлуна карата кирүүгө “тыюу салынган” КР жарандарынын саны 70 983тү түзгөн. Чечим КР жа-рандарынын 20 миңине тиешелүү.

Мындан тышкары, Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган КР жарандарына (маселен, келип-кетүү мөөнөтүн жана анча чоң эмес административдик тартип бузгандар) жана Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүрүп жаткандарга 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин тоскоолдуксуз жана административдик жоопкерчиликке жана “кара тизмеге” киргизилбестен, Россиядан чыгып кетүүгө жана кайра кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин РФ Миграциялык мамлекеттик кызматы менен биргелешкен эсеби боюнча, РФда жүрүүнүн тартибин бузган жарандардын саны 240 миңге жетет.

Россия тараптын жогорку чечимдери Россиянын сот органдарынын чечими менен “кара тизмеге” киргендерге, издөөдө жүргөндөргө таратылбайт.