“Хан-Теңир” жаратылыш паркында фотокапканга сейрек кездешкен жаныбарлар түшүп калган

Адистердин баамында кыргыз тоолорунун символу болгон илбирстердин саны күн сайын өсүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Кыргызстандагы «Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси» коомдук уюмунун (NABU) коомчулук менен байланыш адиси Зарина Эсенбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 20-апрелинде NABU-Кыргызстандын мониторинг бөлүмүнүн илимий кызматкерлери «Хан-Тенири» мамлекеттик жаратылыш паркынын егерлери менен Борбордук Тянь-Шандын (Сары-Жаз, Кайынды, Энильчек өрөөндөрүндө) жана ошол тоо кыркаларынын этегине 18 камера тузактарын орнотушкан. Орнотулган камера тузактары октябрь айында чечилип, анда сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын түрү тартылып алынган. Алар: Манул, тоо текелер, илбирс жана башка.

Ошондой эле камера тузактарына түшкөн илбирстердин саны мурда 5ке жетсе, бул жолку камера тузактарга 10 баш илбирс түшкөн.

«Хан-Тенири» мамлекеттик жаратылыш паркы өзүнүн жаратылышы биологиялык ар-түрдүүлүккө бай жана антропогендик таасирлерге азыраак кабылганы менен өзгөчөлөнүп турат.